AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ВИЧ жуктурган эненин арманы

ВИЧ жуктурган эненин арманы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

  

Кантип жуктурдуңуз?

2013-жылы эки кызым менен иштегени Новосибирскке кеткем. Ал маалда мен ооручу эмесмин. Баргандан кийин кан тапшырып, жумушка кириш үчүн уруксат алгам. Ошентип бир жыл иштеп кайттым. Күйөөм бул жакта калган болчу.

Бир жыл бою күйөөм ичип, ар ким менен жүргөнүн билчүмүн. Ошентсе да, “эч ким менен жүргөн жоксуңбу? Сага оору жуккан жок деп ишенимдүү айта аласыңбы?” деп бир нече жолу сураган учурлар болду. Себеби ал мурда баңги болчу, бир нече жолу абакта да отуруп чыккан. Бирок ал бул маселеге келгенде абдан сак болгонун билчүмүн. Мен ден-соолугу жакшы эки кыз төрөдүм. Дайыма текшерилип турчумун.

2014-жылы июлда мекениме кайтып келгенден кийин бир айдан соң ден соолугум начарлай баштады. Дене табым көтөрүлүп, 2-3 күн кускум келип, окшуй баштадым. Адегенде кайрадан боюма бүтүп калса керек деген ой келди.

Ал кезде кичүү кызым беш жашта болчу. Новосибирскке кетээр алдында гинекологго барсам, УЗИ кош бойлуу болбогонумду көрсөттү. Ошондо суук тийип же тумоолоп калсам керек деп ойлодум.

Новосибирскке келип, текшерилгенден кийин мага оору жукканын айтышканда баарын түшүндүм. Менимче, күйөөм ВИЧти жуктуруп алганын деле билбей жүрсө керек. Себеби 2014-жылдын апрель-май айында, мен келээрдин алдында анын арак ичип, ары-бери басканы көбөйүп, маңзат колдонуп калган эле. Ошентип кайсы жерден, кантип жуктуруп алганын өзү деле билбейт. Негизи ал арактан өлдү. Көрсө, ал “көзү ачылбай” эле, катуу ичип кеткен экен. Анын боору эзилип кетиптир.

Оору мага жукканын 2014-жылдын сентябрь айында билдим.

Кантип билдиңиз?

Мен Новосибирскке иштегени баргам. Жумушка уруксат алыш үчүн дароо кан тапшырдым. Биринчи жолу кан тапшыргандан кийин эле анализ таза чыкпай жатканын, дагы бир жолу кан тапшырышым керектигин айтышты. Он күндөн кийин барып кайрадан тапшырсам, дагы үчүнчү жолу текшерүүдөн өтүшүм керектигин айтышты. Бирок ал маалда мен өзүм да шектенип, корко баштадым.

Себеби күйөөм ар ким менен жүргөнү мына ушундай шектенүүлөргө негиз берди. Ошентип 20 күндөн кийин СПИД борборуна барсам ал жерде эки дарыгер бар экен. Алар мага ВИЧ жуктуруп алганымды угузушту. Ал жерден кантип чыкканымды, аялдамага кантип жеткенимди билбейм. Катуу ыйлап, курбума телефон чалдым. Курбумдун жолдошу пастор, мен да христианмын, динге ишенем. Мага ВИЧ жукканын айтып ыйласам, ал ошол замат “мага кел” деди. Ага барып алып, дагы ыйладым. Ошондо мага айткан сөздөрү мени бир аз да болсо сооротту. “Бул рак эмес, сен азыр өлгөн жоксуң да”, — деди. Ал маалда мен бул өтө коркунучтуу оору экенин билчүмүн. “Болду, өлөт турбаймынбы”,-деген ой келди. Менде ВИЧ тууралуу толук маалымат жок болчу, буга кызыкчу да эмесмин. Эмнегедир, бул оору мага жукпачудай сезилчү. Мындай ой да болгон эмес.

Курбум менен сүйлөшкөндөн кийин үйгө келдим. Кан тапшырып жүргөн маалда кызым экөөбүз бир цехте иштегендиктен ал менин кандай абалда жүргөнүмдү, санаага батканымды көрчү. Мен тамак ичпей, эч ким менен сүйлөшпөй, дайыма эле ыйлап калган элем. Ошондой күндөрдүн биринде ал “апа, эмне болду?” деп сурады. Мен ага баарын төкпөй-чачпай айтып бергем. Кызым 17 жашка чыгып калган эле. Ал мени кучактап, “кандай гана болбосун, мен сенден баш тартпайм. Сен мага дайыма керексиң, кейибе, мен сени таштабайм”, — деп айтты. Мен ага “интернетке кирип, бул эмне болгон оору экенин окуп көрчү. Сен толук маалымат алсаң коркпой каласың”, — дедим.

2016-жылдын ноябрь айында Алматыда өткөн жети күндүк ВИЧ/СПИД боюнча семинарга катышып калдым. Бул семинарды дин жолундагы адамдар өткөргөн эле. Ал семинарда мен ВИЧ-дарылануу тууралуу толук маалымат алдым. Мен дары-дармектерден абдан коркчумун, себеби ар кандай ушак сөздөрдү уккан элем…

Кандай ушактар?

“Дарыларды алмаштырып коюшат, алар зыяндуу, мунун баары жалган. Бул дарыларды ичсең өзүңө эле зыяны тиет”, — деп айтышчу. Туугандарым тууралуу айта турган болсом, алар саналуу эле. Кайын журтум менен катташпайм. Эки сиңдим менин ооруман кабардар, алар мени колдоп келишет. Дээрлик бардык жакшы тааныштарым оорум тууралуу билишет. Мен барган чиркөөнүн да кабары бар. Мен ишенген Кудай да мени колдоп келет. Менин дубаларым Кудайга жетти, бул болсо мындан ары жашоомду улантууга мага күч-кубат берип турат.

СПИД-борборундагы психолог Дана мага абдан жардам берди. Ал мени бул ооруну кабыл алганды үйрөттү. Гинекологиялык жактан маселе бар, операция жасатышым керек болчу. Бишкектеги ооруканаларда, бейтапканаларда айрым дарыгерлердин реакциясы мени жаман абалда калтырды. Атүгүл ВИЧ оорулуу болгонумду билгенден кийин бетиме кагаздарды ыргыткан күн да болду. Жеке клиникалардын бирине барсам, “Кыргызстанда сизге эч ким операция жасабайт” деп бетиме эле айтышты. Себебин сурасам дарыгерлер бизге окшогондорго операция жасагандан коркушат экен. Ошентип мен ооруканаларга барбай калдым. Азыр ооруну баса турган күчтүү дарыларды ичип турам. Ошол дарылар менен гана жашап калдым.

Алматыда семинарда болгондо ВИЧ оорулууларга операция жасаганда кандайдыр бир өзгөчө колкап, беткап болбой турганын мага түшүндүрүшкөн. СПИД борборунда мени шаардагы гинекологиялык клиникага жиберишкен. Ал жерде мага операция жасаганга макул болушту, башкы дарыгер өзү макул болду. Азыр баары акча маселесине такалып турат. Бул оору – 21-кылымдын кара тумоосу катары кабыл алынып келет эмеспи. Сыртка чыгып эле ВИЧ оорулуу болгонумду айтайынчы, адамдардын реакциясы белгилүү да. Кээ бирөө такыр эле качып кетсе керек… Ооба, түшүнөм, адамдарда менде болгон маалымат жок да. Бул оору тууралуу дайыма маалымат берип, башкаларга жеткирип, кайра-кайра айтып туруш керек. Себеби бул оору ар кимдин башына келиши мүмкүн. Биздин менталитетибиз боюнча баш кошкондон кийин гана жыныстык жашоо башталат эмеспи, бир эркек менен гана жашайбыз да. Мен бул тууралуу улуу кызым менен да көп сүйлөшкөм, кичүү кызым 9 жашта болсо да бул оору жөнүндө абдан жакшы билет. Ал турмушка чыкканга чейин жыныстык катнаш түзбөш керектигин билет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ажырашып келген кайын сиңдим тынчтык бербейт

Ажырашып келген кайын сиңдим тынчтык бербейт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.