AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ВИЧ тууралуу мифтер. Бул тууралуу ар бир адам билүүгө милдеттүү

ВИЧ тууралуу мифтер. Бул тууралуу ар бир адам билүүгө милдеттүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg ВИЧ тууралуу кандай мифтер жана жаңылыш ой-пикирлер бар? Аталган инфекция кандай учурда жугат жана ал жөнүндө эмнени билүү керек? Бул суроого Республикалик “СПИД” борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов жооп берди.

ВИЧ деген эмне?

Алгач ВИЧ менен СПИДдин айырмасын тактап билип алалы:

ВИЧ же АИВ – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу – бул адамдын организминдеги клеткалардын эсебинен жашап жана көбөйгөн микроорганизмдер. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адамдын иммунитетин жеген вирус.

АИВ инфекциясынын акыркы баскычы — СПИД (Адамдын иммундук жетишсиздик синдромунун пайда болуусу). Адам СПИД оорусуна чалдыкканда анын иммунитети такыр жок болуп, катардагы өтө жеңил ооруларга да туруштук бере албай калат.

1-миф. АИВ деген инфекция жок, бул жөн гана жомок

Бул миф. АИВ инфекциясы чындап эле бар жана аны менен күрөшүү көп жылдар бою жүрүп келет. Бул илдеттен дүйнө жүзү боюнча 40 000 000 адам каза тапты. Ооруну жок деп алгач Африка өлкөлөрүнүн бийлиги айтып чыгышкан. Алар өздөрүнүн кайдыгерлигин жана дартка каршы эч кандай чара көрбөгөнүн ушинтип түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, Африка өлкөлөрүндө ВИЧ эпидемиясы укмуштуудай масштабга жеткен.

2-миф. АИВге чалдыккан адам менен сүйлөшүүгө болбойт, анткени вирусту жугузуп аласың

АИВ негизинен үч жол менен жугат:

  • жыныстык катнаш аркылуу (презервативсиз);
  • АИВ инфекциясы бар адам менен бир шприц же ийне колдонуу аркылуу;
  • энеден балага (эне сүтү аркылуу).

АИВ төмөнкү учурларда жукпайт:

  • АИВ инфекциясы бар адам менен бирге сууга түшкөндө;
  • бир идиш-аяк менен колдонгондо;
  • бир даараткана менен колдонгондо;
  • спорт менен машыгып жатканда;
  • чымын-чиркей чакканда;
  • сүйлөшкөндө;
  • кол кармашканда;
  • кучакташканда;
  • өбүшкөндө.

3-миф. Банги заттарын колдонгон адамдар жана секс кызматын көрсөткөн адамдар гана АИВ инфекциясына туш болушат

Бул мифтин чындыгы бар. Аталган категориядагы адамдар арасында АИВ вирусуна чалдыгуу коркунучу жогорураак. Бирок акыркы жылдардагы статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-майына карата АИВ статусу оң чыккан жарандардын саны 9080 киши болсо, анын ичинен АИВди кан аркылуу жугузгандардын саны 3613 киши экени аныкталган.

4-миф. СПИД менен ууланган банан аркылуу дартты жугузуп алса болот

Бул миф. Биринчиден, адам эч убакта дароо СПИД илдети менен ооруп калбайт, алгач АИВге чалдыгат. Экинчиден, АИВ вирустары тышкы чөйрөгө такыр туруктуу эмес. Алар адамдын организминде гана жашай алышат. Бананды жеп АИВ вирусун жугузуу үчүн ага жаңыдан шприц менен кан куюлуп, аны сиз дароо жеп, сиздин тиштериңиз ооруп, бүлөлөрүңүз канаса, ошол кан аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок андай факты бир да жолу катталган эмес.

5-миф. АИВди дарылоо мүмкүн эмес, вирусту жугузуп алган адам тез аранын ичинде көз жумат

Ооба, инфекциядан толугу менен арылуу мүмкүн эмес. Анткени бул — өнөкөт дарт. Бирок заманбап медицинанын жетишкендиги менен СПИДден көз жумган адамдардын саны 80% га төмөндөдү. АИВге каршы өз маалында башталган терапия бейтаптын иммундук системасын көтөрүп, физикалык акыбалын узак убакытка чейин нормада сактаганга жардам берет. АИВ статусу бар адамдар кадимкидей өмүр сүрүшөт. Болгону күндө унутпай дары ичүү керек. Дарыны бир калыпта ичпей коюу резистенттүүлүктүн (организмдин дары-дармекке болгон тоготпостугу) өрчүшүнө алып келет.  Антивирустук терапияны жүргүзүү үчүн препараттар Глобалдык фонддун эсебинен сатып алынган жана Кыргызстандын бардык региондорунда бар.

Эскертүү!

Кыргызстанда АИВ инфекциясына туш болгондордун ичинен 42% парентералдык жол менен (кан аркылуу), ал эми 46,3% жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алышкан.

Ошондуктан, жыныстык катнашка барганда сөзсүз презерватив колдонгула! Презервативди туура колдонуу адамды үч нерседен коргойт:

  • АИВ инфекциясынан;
  • жыныстык катнаш аркылуу жугуучу башка инфекциялардан;
  • планга кирбеген кош бойлуулуктан.

2019-жылдын 1-майга карата берилген Республикалык “СПИД” борборунун маалыматына ылайык Кыргызстанда

  • АИВ статусу оң чыккан жарандардын саны – 9080 киши;
  • анын ичинен Кыргызстандын жарандары — 8594 киши;
  • анын ичинен — 3057си аялдар; 5537си – эркектер;
  • анын ичинен АИВди кан аркылуу жугузгандардын саны – 3613 киши;
  • АИВден көз жумгандардын саны – 1988 киши;
  • анын ичинен СПИД стадиясына жеткендер – 632 киши.
  • АИВ инфекциясына чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү (65%) – 20-49 жашка чейинки жарандар.

Ден соолугуңуз үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып, сак болгула. Сиз жакындарыңызга керексиз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдарым чарчап

Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Мигранттардын окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.