AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Венгриядагы ири компанияда иштеген Санжарбек Мавляновдон бүтүрүүчүлөргө кеңеш

Венгриядагы ири компанияда иштеген Санжарбек Мавляновдон бүтүрүүчүлөргө кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Венгриядагы General Electric компаниясынын жетектөөчү финансисти Санжарбек Мавлянов Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин  бүтүрүүчүсү. Санжарбек билимге болгон умтулуусу менен чоң ийгиликтерди багынта алды. Bilesinbi.kg сайтына кызыктуу маек куруп берип, абитуренттерге кеңештери менен бөлүшө кетти. 

Максатыңарга жараша университет тандагыла

Алгач ким болгуңар келет, аныктап алгыла. Кээде так билбей, көпкө ойлонушуңар мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш. Айталы, мен кичинемде космонавт болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө химия сабагына кызыгуум күчөп, дарыгер болсомбу дей баштадым. Бара-бара англис тилинде билим алып, чет жакка чыгууну максат кылдым. Жыйынтыгында ушул каалоолорума жараша университеттерди тизмектеп жазып чыктым. Мисалы, «Ала-Тоо», АУЦА, медициналык академия, «Манас» ж.б. Жакшылап отуруп ойлондум. Акырында Эл аралык «Ала-Тоо» университетин тандадым. 

Коркууларыңарга багынып бербегиле 

Эл аралык «Ала-Тоо» университетине тапшырып бюджетке өттүм. Сентябрда сабак башталганга чейин эми кандай болот деп ар кандай ойлор келди. Бюджетте окуп жүрүп, сабактарынан жетиштүү упай алалбай контрактка түшүп калгандар болору тууралуу уккам. Мен дагы алардын катарын толуктап калсамчы деп корктум. Анткени, менде контракт төлөп окуганга мүмкүнчүлүк жок эле. Канчалык корккон сайын жаман ойлор келе берди. Ошондо өзүмдү «стоп» деп токтоттум дагы колго алдым. Күчүмө ишендим, кандай гана болбосун, эч нерсеге карабастан аракет кылам дедим. Бул эң туура чечим болду. 

Аракет кылганды токтотпогула

Эл аралык «Ала-Тоо» университети   илимге болгон кызыгуумду арттырды. Бул үчүн, кызыктуу өткөн студенттик күндөрүм үчүн, чет өлкөгө чыгып чоң-чоң конференцияларга катышууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн, мыкты досторду тапканым үчүн чоң рахмат айткым келет. Албетте, баары өзүмдөн көз каранды болду. Университет силерге мүмкүнчүлүк берет, аны пайдаланып, андан ары изденип, аракет кылып алып кетүү өзүңөрдөн. 

Изилденгиле

Университет тандап жатканда келечекте кайсы кесиптер актуалдуу боло турганын карап чыккыла. Бирөөлөр юристке тапшырса, силер дагы ойлонбостон аларды туурап тапшырып койбогула. 10 жылдан кийин кайсы адистиктер эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болот изилдеп чыккыла. Анткени, силер 10 жылдын ичинде университетти бүтүп, бир чөйрөдө кесипкөй адис болуп калышыңар керек. 

Эч качан өзүңөргө чектөө койбогула

Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Аларды пайдаланып калганга жетишкиле. Тил үйрөнгүлө. Университетте окуп жүргөндө сабактар менен гана чектелбестен, практика өткүлө, стажировкаларга баргыла, изилдөө жүргүзгүлө, болушунча эмгек рыногуна өзүңөрдү даярдагыла. Ар тараптуу болгула, кенен ой жүгүрткүлө. 

Кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот:⠀
⠀
@alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg
⠀
?0555 820000 (W/App),
?info@alatoo.edu.kg,
?www.alatoo.edu.kg

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жеңем группалашымды байкеме келген кыз экен деп салаттарын көтөрүп кетиптир

Жеңем группалашымды байкеме келген кыз экен деп салаттарын көтөрүп кетиптир

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.