AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулуман муштум жегенден кийин башкача адам болуп өзгөрдүм

Уулуман муштум жегенден кийин башкача адам болуп өзгөрдүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Байкуш уулум, титиреп ыйлап жатты. Башын мыкчып алып ыйлап жатты. Мен нес болуп туруп калдым. 

«Энең… баласы, акча сал мага тез, башым ооруп жатат!» Айлап чалбайм, чалсам дароо баш жазганга акча талап кылам. Үндөбөй акча которуп коет. Айтпаган сөздү айтып сөгөм. Эсимде, бир жолу өзүмө окшош досторумдун көзүнчө сабап салгам. Могу колдорум менен…

Уулум менин… Атасы мендей болгону менен акылдуу. Жакшы жерде иштейт. Кез-кез интернетте, телевизорго маек берип чыгып калат. Эл көзүнө көрүнгөнүнө сыймыктанбай, кайра сөгөм.

«Мен сенин атаңмын!» Чалып алып ушинтип урушам. Басынтам. Мени далай жолу милициядан, бейтапканадан алып кетти. Унчукпайт. Мени угат.

Бирок, сабырдын дагы чеги болот экен.

Аялым менен эбак ажырашкам. Бирок, анын да тынчын алмай адатым. Бул ирет уулум жарылды. Барып алып кол көтөрдүм. Апасына болушкан уулум, ачуу сөздөрүмө чыдай албай мурунга бир муштап жиберди. Өзү да билбей калды.

«Сен үчүн ушунун баары, сен үчүн! Сен үчүн жаман адам болуп баратам! Сага көл көтөрдүм ата! Сага көрүнүп, сен сыймыктангандай болгум келди. Сага бөтөлкө болсо болду. Ата, жетишет! Чарчадым! Жек көрөм! Канчалык бийиктесем, ошончолук сөктүң. Мен сага эмне кылдым! Атааааа! Мен сага эмне кылдым атааа! Сенин колдоосу канчалык маанилүү экенин билсең канаааа!»

Нес болуп туруп калдым. Башын мыкчып алып бакырып жатты. Ыйлап жатты. Бул ирет колум арактан эмес, уяттан титиреди. Унчукпай басып кеттим.

Оорулуу экенимди моюнга алдым. Иичимдикке көз каранды экенимди моюнга алдым. Жалгыз иниме барып жардам сурадым. Бир айдан бери бейтапканада өзүмө окшоштор менен жатам. Күн сайын уулума узун кат жазам. Кайра өчүрөм. 

Келди. Уулум келди. Унчукпай жанымда отурат. Телефонумду алып чыктым. Бир кездеги сактап алган сүрөттөрүн көрсөттүм. 

«Эсиңдеби балам, сенин мектептен берген тапшырмаңа башым жетпей калганда жумушум болуп калганын айтып туруп кетчүм. Эртеси өзүң чыгарып, беш алып келгениңди көрүп аябай сыймыктангам. Уялгам. Бирок, менден акылдуу экениңди билгем. Сен ошондо эле атаңдан акылдуу болчуң. Акмак атаңды кечир уулум.»

Мени кучактап алып ыйлап жатты. Медайымдар карап койду. Мен да аябай ыйладым. Жытымдан, кебетемден уялып жаттым. Уулум билим жыттанат эле. 

Бүгүн да келем деген. Күтүп отурам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Бул 5 көрүнүш сизге тааныш болсо

Бул 5 көрүнүш сизге тааныш болсо, анда абьюзерсиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.