AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулум келиниме мага эмес

Уулум келиниме мага эмес, бул аялга алып барып жоолук салдырыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Ай, кайда жеттиңер? Эт эзилип, коноктор таркап кетмей болду го!

— Апа, биз айылга кирип баратабыз. 

— Апей ботом, кайсы айыл?

Уулум үйлөнөрүн айткандан бери бутубуз жерге тийбей чуркап жүрдүк. Үйдү бир сыйра жаңыртып, базарга күнүнө төрт-беш жолу каттап калдык. Күйөөм союшка мал таппай убара. Экөөбүз түнгө барып, «даже» таң атканда уктайбыз. Ананчы, биринчи жолу келин алып жатсак, атасы экөөбүз кантип жөн отурмак элек.

Кичүү уулум кызганып, «менде дагы ушинтесиңерби» дейт. Атасы экөөбүз аны чычалатып, «жок ай, сенде чыгым болбойбуз» деп күлөбүз. Жашы жыйырмадан ашса да, дале бала. Бултуюп бөлмөсүнө кирип жатып алат. 

Тун уулубуз өзгөчө кыраакы адам. Аны досторы «абышка» деп коюшат. Сүйлөшүп отурсаң, көптү көргөндөй башкача сүйлөйт. Акылдуусун айтпагыла. Ананчы, таенесинин колунда, кемпирдин баласы болуп өскөн да.

Күйөөм экөөбүз студент элек. Балалуу болгондо, аны таенесине таштап Москвага окууга кетип калганбыз. Төрт жашында өз колубузга алдык. Баары бир кемпирдин тарбиясын алып калыпган бала, айылга эле кача берчү. Уулубуздун талдында күнөөлүбүз. Ага жакшы мээрим төгө албадык, бирок ушундай жакшы көрөбүз. Ошон үчүн го, андан кийинки эки балабызга тим эле мээрим төгүп, эрке кылып өстүрдүк. Ал экөө бизден эмес, байкесинен коркушат.

Биринчи келиниме ак жоолукту мен эмес, ошол аял салды. 

Көрсө, таенесине кичинесинде сөз берген экен. «Аялымды биринчи жолу сизге көрсөтүп, батаңызды алам» деп. Мен аны кайдан билдим. Төшөктө жаткан апам шаарга келалбай калган. Уулум айткан сөзүн кыйбай, айылга барыптыр. Алтын балам десе, сени менен сыймыктанам. 

Апам төшөктө жаткан жеринен жоолук салып, көзүнө жаш алып небересине батасын берип, кайра шаарга узатыптыр. Үйгө таң атканда кирип келишти. Ошентип келиндүү болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бул 5 нерсени ыргытсаңыз

Бул 5 нерсени ыргытсаңыз, жашооңуз жеңилдей түшөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.