Атам көзү өткөндөн кийин эле, үйүбүздү байкемдер менен чоң апамдар талашып кирди.
Бул там өкмөттүн балансында, эч кандай документи жок, 1995-жылдан бери жашайбыз. 3 жыл мурун менчиктештирип алалы дегенде, атамдын паспорту жана акча жок болуп калган. Ошондо чоң апам, «бизге өтө берсин, неберелерим турганда талашмак белем, бирөө менчиктеп албасын, кийин өзүңөргө алып аласыңар» дегенинен, атам менен апам оозеки түрдө макулдугун беришкен.
Атамдын жоктугунан пайдаланып, эми минтип талашып жатышат. Бизде эркек бала жок, 4 кызбыз. Байкелерим, «кыз мураска ээ боло албайт, бул биздин там», — деп жатат. Эмне кылсак болот?







