AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үйлөнгөндөн корком. Карт бойдоктун баяны

Үйлөнгөндөн корком. Карт бойдоктун баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

34 жаштамын. Үйлөнгөндөн корком…

Досторумдун алды 5 балалуу болуп калды. Бир — экөөсү ажырашып, кайра үйлөндү. Айрымдары сол жакка барат.

Ичпейм. Чекпейм. Жумасына 3 жолу спорт залга барам. Чакан бизнесим бар. Айылдагы үйдү ремонттоп, атама машина алып бердим. Кайрымдуулук иштерин кылып турам. Бирок, жакындарым мага ыраазы эмес. Кеп эмне жөнүндө болуп жатканын өзүңөр деле байкасаңар керек. Кыскасы, карып баратыпмын, үйлөнүшүм керек экен.

Ишенесиңерби, а мен үйлөнгүм келбейт. Паспортума мөөр бастырдым, нике күбөлүгүн алдым, анан…

Эки адам документтерсиз эле жашаса болбойбу?

Досторуман бактылуусуңарбы деп сурасам, жаттап алган жалпы шаблондорун айтышат:

  • «Оба, аялың болсо сонун да!»
  • «Балдарымдын бактысы менин бактым»
  • «Тамак жасап, кийимиңди жууп берген бирөө керек да»
  • «Аялымдын ыраазы болоор күнү жок, балдарым үчүн жашап жүрөм»
  • «Ээ, досум, эмнесин айтасың» жана башка.

Кызтеке экен деп жаман ойлобогула. Сүйлөшкөн кыздарым болгон. Көңүлдөрүн алып, жакшы мамиле кылдым. Бирок, 5-6 айдан кийин алар да баш кошуу тууралуу сөз кыла башташат. Жеке оюмду айтсам, эртеси чалбай жоголуп кетишет, же ыйлашат. Айтоор, аз өтпөй башка бирөөгө турмушка чыгып алышат. 

Мүмкүн мага ушундай жашоо жагат

Бир келген өмүрдө өзүм каалагандай жашоого укугум жокпу?! Коомубуздун жазылбаган мыйзам тартибинен ( окууну бүтүр — жумушка орнош — машина ал  — үйлөн — бир жылдан кийин балалуу бол жана башкасы) чыгып кеткен адам соо эмеспи? 

Мен деле бирөөгө жолугуп бактылуу жашагым келет. Бирок, жашым өтүп баратат же эл эмне дейт деген кептерге киргим келбейт. 

Деги айткылачы, адамдар эмне үчүн баш кошот? Үйлөнүп алып, кайра сол жакка басыш үчүнбү? Өзүн карабай таштап коюш үчүнбү? Сүйүү эмне экенин унутуш үчүнбү? Балалуу болгонун болуп алып, аларга татыктуу тарбия бербей, мээрим төкпөй өстүрүш үчүнбү? Насыяны төлөй албай азап тартыш үчүнбү? Сезимдери калбай калса да кыйналып жашаш үчүнбү? Өз кызыкчылыктарын, жеке эркиндигин унутуш үчүнбү? Эмне үчүн?

Тамара Воронцова, психотерапевт

Адамдар эмне үчүн күйөөгө тийип же аял алат? Эмне үчүн биз ушунчалык түгөйүбүздү издейбиз? Биз эмне жарым абалда болобузбу? Келиңиз, бул маселенин 2 маанилүү жагын карап көрөлү.

Биринчиден. Биз биологиялык жанбыз жана тукум улоо инстинктибиз бар. Ал болбосо, анда жерде жашоо жок болмок.

Экинчиден. Биз социалдык жанбыз жана коомсуз, баарлашуусуз жашай албайбыз. Бизге тууган, жубай, достор, кесиптештер, балдар менен чоң ата, чоң энелер керек. Биз табият, өсүмдүк, жаныбарлар, ал тургай, өзүбүз менен сүйлөшөбүз. Бекеринен эң коркунучтуу жаза адамды коомдон кууп коюу болгон эмес.

Элдин басымдуу көпчүлүгү экиден жашашат (жалгыз жашагандары да бар). Кимдир бирөөнүн 15 баласы болсо, ал эми кээ бир адамдар никеге тургусу же жөн гана сүйүүгө жолуккусу келбейт. Бул деле нормалдуу жана бир нече себептерден көз каранды болот.

Көп генийлердин, таланттуу адамдардын үй бүлөсү жок экенин билебиз. Алар чыгармачылык менен алектенип, ачылыштарды жасашкан – бул «сублимация» деп аталат — сексуалдык энергия чыгармачыл энергияга айланат.

Адам жалгыз жашай албайт, эркек менен аял жөн гана чогуу жашай алышы мүмкүн (биологиялык түр сыяктуу), ал эми үй бүлө балдар үчүн курулат!

Бала ата-энесинен энергия алат. Аны ата-энесинин бирөөсү гана бакса, жарым энергия алып калат. Бактылуу балалык адамга чыгармачылыкка жана жаратмандыкка толгон, комплекстери жок өмүр берет. 

Изилдөөлөр боюнча, үй бүлөлүү адамдар көп жашайт, өзгөчө бирин-бири түшүнүп, компромисске бара алган жубайлар. Буга сүйүү гана эмес, бири-бирине болгон урмат-сый  жардам берет.

Байланыш маданияты, үй бүлө, достук, балдарды тарбиялоо эрежелери бар жана алар мектептен баштап окутулушу керек. Тилекке каршы, коомубузда андай жок. Ошондуктан ажырашуулар, жек көрүү жана зордук-зомбулуктар көп.

Жашоо татаал, бирок, ошол эле учурда  кызыктуу. Өзүңүздүн муктаждыктарыңызга жана каалоолоруңузга ылайык өмүр тандап алыңыз. Үй бүлө куруңуз же жалгыз жашаңыз, эң башкысы, сиздин бейкуттугуңуз жана канааттанууңуз! Бактылуу болуңуз! Чечим өз колуңузда.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Германияга кетүүнүн дагы бир жолу - Au Pair программасы

Германияга кетүүнүн дагы бир жолу - Au Pair программасы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.