AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үйгө келсем кайним ич кийимдеримди жууп жайып коюптур

Үйгө келсем кайним ич кийимдеримди жууп жайып коюптур

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

“Аялым чыны жууса, жанында тарелка сүртүп турам.” Анда жаңы келин болуп келгем. Сыртта алма жеп отурганбыз. Кайним ушинтсе аябай таң калгам. Өзү болгону сегизинчи класс.

— Сен азыр ошентип жатасың, чоңойгондо башкача сүйлөп каласың.

— Жок, жеңе, андай болбойт. Мен муну эбак эле чечип койгом.

— Эбак дегениң кандай, 13кө араң чыктың.

— Анда алтыда болчум. Апам идиш жууп жатып, чыныны сындырып алды.  Колу кесилип атама чуркап барды. Атам таңып бергендин ордуна, “бар идиштериңди жуу, эч нерсе болбойт”,-деп кагып чыгарып салды. Апамдын артынан чыгып колун таңып бердим. Ишенесизби, ошондо биринчи жолу идиш жуудум. Жанымда отурган апам кадимкидей сыймыктана ыйлады. Мен бүткөндөн кийин, “азаматсың уулум”,-деп бетимден өптү. Ошондо апамдын көздөрү бир башкача бактылуу эле. Ойлосом, атамдын арагы аны эбак муңайтып бүтүптүр. Ошондо, мен атама окшош болбойм деп чечкем. Ал эми окшош болбош үчүн ал жасаган иштин карама-карышысын жасашым керек. Атам сөзүнө турбайт, мен турам. Атамдын аялы бактылуу эмес, меники бактылуу болот.

Боорум ооруп карасам кайгылуу түрү жок. Бейкапар алмасын жеп отурат. Али бала болгону менен турмуш эбак аны чоңойтуп койгонун билдим. Ошол маалда кайын энем чака көтөрүп сыртка чыкты. Алмасын таштап, “апа, келиңиз мага бериңиз”,-деп чуркап жөнөдү.

Андан бери алты жыл өттү. Кайним такыр өзгөргөн жок.

Күйөөм үч бир туугандын уулусу. Кайын атам арактын айынан каза болгон экен. “Атамдын тарбиясын албаганыма сүйүнөм.” Күйөөм ушинтип көп айтат. Бир туугандарына, апасына өзгөчө күйүмдүү. Тынбай эле иштеп жүрөт. Тапканын баарын үйгө алып келет. Кеч келсе дагы, “бала менен чарчаган жоксунбу”,-деп мага жардам берет.

Өзүбүз шаарда турабыз. Кайним студент. Буга чейин биздикинде жашачу, карантинде айылга кайын энемдин жанына кетти. Кетери менен көп ишти ал бүтүрчү экенин билдим (күлүп). Сабагынан келип алып бала каралашып, кээде кой десем болбой жалаяктарын жуучу. Дүкөнгө ар дайым өзү барат эле. Жакшы окуйт. Стипендия алары менен үйгө майда-чүйдө көтөрүп келет.

Бир жолу күйөөм экөөбүз баланы ага таштап конокко кеттик. Түн ортолоп келсек эшиктеги кермеде кирлер жайылып турат. Арасында күйөөм экөөбүздүн ич кийимдерибиз дагы бар экен. Уялганыбызды айтпагыла. Үйгө кирсек таптаза, балабыз бышылдап уктап жатат, анын жанында кайним китеп окуп отурат.

Көрсө, ким болорубузду өзүбүз чечет экенбиз. Оор турмушту баштарынан өткөрсө дагы, аны сабак катары кабыл алган үй-бүлөгө келин болгонума сүйүнөм.  “Жеңелеп” сыйлап, күн сайын чалып акыбалымды сурап турган сонун кайним менен сыймыктанам. Мыкты күйөө, ата болоруна жүз пайыз ишенем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кесип тандоого жардам берүүчү беш кадам

Кесип тандоого жардам берүүчү беш кадам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.