AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үйдөн зордук-зомбулукка кабылып жатсам

Үйдөн зордук-зомбулукка кабылып жатсам, кайда кайрылсам болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үйдөн зордук-зомбулукка кабылып жатсам, кайда кайрылсам болот?

Карантин учурунда, күйөөсүнүн кезектеги токмогунан кийин айласыздан 111-кызматына чалдым. Ал жактын адистери, көйгөйүмдү угуп, психологиялык жардам көрсөтүштү. Андан кийин телефон номеримди милицияга жөнөтө алабызбы, деп уруксатымды сурашты. Балдарымды алып, эптеп үйдөн качып чыккандан кийин, телефонума милициядан чалышыптыр.

Милиция күйөөмдү кармоо үчүн “опергруппа” жөнөтүүнү сунуштады. Бирок жанымда кичинекей балдар бар экенин жана алардын кайрадан стресске туш болушун каалабаганымды айтып, эжемдикине бара турганымды билдирдим.  

Анда жолдон баратып, милиция бөлүмүнө кайрыла кетүүмдү суранышты. Ал жактан “заявлениемди” кабыл алып, штрихкоду бар талонду колума беришти.

Блок посттордо турган милицияларга талонду көрсөтүп эле өтүп жаттым. 111 кызматынан жана милициядан бир нече жолу чалып, кризистик борборго жайгаштырууну сунушташты. Милиция жата турган жерим бар экенин улам-улам тактап сурашты.

Артымда ушундай колдоо бар экенин билүү мен үчүн маанилүү болду. Эртеси күйөөм менен сүйлөшкөндө өзүмдү ишенимдүү алып жүрдүм. “Азыр балдар менен үйгө барам, мен баргыча үйдү бошотуп кой, болбосо кайра милиция чакыртам” — деп айттым.

Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмү билдирген маалыматка ылайык, сурамжыланган аялдардын 56%ы үйдөгү зордук зомбулукка дуушар болуп, дене-боюнан ар түрдүү жаракат алышат.

Зордук-зомубулукка кабыл болгондордун 41%ы эч кимге жардам сурап кайрылууну ойлонушкан эмес.

Балдар үчүн ишеним телефону Кыргыз Республикасынын Социалдык министрлигинин алдында 2015-жылы ачылган. Ошондон бери көптөгөн балдарга жана кыз-келиндерге жардам берип келет. Бул тууралуу “111 балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова айтып берди.

Жогорудагы окуядан кийин дагы кандай иштер жүргүзүлөт?

Жергиликтүү органдарга тапшырма берилгенден кийин, ошол үй-бүлө каттоого алынып, туруктуу иш жүргүзүлүп турат. Ар дайым мониторинг жасайбыз.

111 кызматына кимдер чала алышат?

Биз негизи балдар үчүн ишеним телефон катары ачылганбыз. Бирок башка жарандар да чалышат. Биз адамдары эч кандай категорияларга бөлбөй бардыгына жардам беребиз же тиешелүү органдарга жөнөтөбүз.  

Телефон чалгандар кандай жардам ала алышат?

Бизге чалган бардык абоненттер телефон аркылуу өз суроосуна жооп ала алышат. Бул жөн эле консультация болушу мүмкүн, мисалы жөлөк пул кимдерге берилет, же кантип алам? – деген сыктуу суроолор. Псиихологиялык жактан жардам беребиз. Адсикөй психологдорубуз күнү-түнү смендешип иштешет.

Кандай учурларда чалса болот?

Мисалы үйдө, мектепте өзүнө же досторуна зордук зомбулук көрсөтүлүп жатса, бизге кайрылса болот. Жүрөгү кысылып, өзүнүн суроолоруна жооп таба албай жатса, ата-энеси менен мамилеси келишпей турганда же ата-энесине да жардам керек болгондо кайрылса болот.

Эч кандай чектөө жок. “Балдар үчүн ишеним телефон” деп аталганы менен, ким кайрылбасын бир да суроо жопсуз калбайт.

Силер тараптан кандай иш аракеттер көрүлөт?

Ата-эне тарабынан зордук-зомубулук көрүп жаса, баланын өзү менен мүмкүнчүлүк болсо ата-энеси менен сүйлөшөбүз, кээде ички органдар кызматына кайрылабыз. Андан кийин кайрылган абоненттин жашаган жеринде иш алып барган Эмгек же социалдык башкармалыгына билидирүү жөнөтөбүз. Алар ошол жерге барып, иш жүргүзүшөт.

Биз билдирүү жөнөтүп тим калбайбыз. Тапшырма берген мекемеге кайра чалып, кандай иш жүргүзүлдү деп, жыйынтыгын сурап турабыз. Чалган абонент менен да байланышып: Эмне болду? Өзүңдү кандай сезип жатасың? Дагы кандай жардамга муктажсың? – деп сурайбыз.

Зордук зомбулуктун курмандыгына, кээде зордук зомбулук көрсөткөн адамга да психологиялык жардам көрсөтүү керек болуп калат. Региондордо атайы психологдордун координаттары бар. Балдар менен иштешкенге жолдомо беребиз. Алар абоненттер менен байланышып, аларга психологиялык жардам берип, консультация өткөрүшөт.

Бишкекте болсо “Балдарды колдоо борборунун” даректерин, телефон номерлерин берип,  ошол жерге кайрылууну сунуштайбыз.

111 кыска номерине чалуу үчүн канча бирдик керек?

111 номери АКЫСЫЗ! Бардык телефондордон, мобилдик операторлордон бекер телефон чалса болот. Бирдик коробойт.

Мектеп иштери боюнча да чалса болобу?

Албетте, бизге андай көйгөйлөрү менен көп эле балдар кайрылышат. Андайда жергиликтүү органдарга кайрылабыз, алар комиссия түзүп, балдар менен иш жүргүзүп, мектепте чогулуш өткөрүп, “балдар рэкетин” токтотуу боюнча чараларды көрүшөт.

111 кызматына зордук-зомбулуктан жабыркагандын коңушлары, достору туугандары кайрыла алышабы?

Ооба, алтетте. Көбүнчө ошондой эле болот. Эгер сиз жакындарыңыздын үй-бүлөсүндө көйгөйлөр бар экенин байкасаңыз, 111 кызматына сөзсүз чалыңыз. Биз дароо реакция кылып, жардам берүүгө бардык аракетибизди жумшап, тиешелүү органдар менен жапатырмак иш алып барабыз.

 

«Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 — Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «Bilesinbi.kg» сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».

Материалдын башындагы окуя Алтын Капалованын публикаясынан алынган.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Пенсияларды "Айыл Банктын" "Элкарт" картасы менен алуу абдан ыңгайлуу

Пенсияларды "Айыл Банктын" "Элкарт" картасы менен алуу абдан ыңгайлуу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.