Саламатсызбы. Мен 27 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Менин көйгөйүм мында: өзүм чет өлкөдө иштейм, болгон акчамдын барын үйдөгүлөргө салам, кредитин төлөйм, кошумчаларын жөнөтөм, кем-карчысын толуктайм. Ошондо да жакпайм “элдин кыздары минтип, тигинтип”, деп турушат.
Окуу жайга өз күчүм менен өткөм, өз күчүм менен тырышып жүрүп бүтүрдүм, чет өлкөгө да өзүм чогулткан тыйын-тыпыр менен келгем. Билимимдин арты менен жакшы ишке орноштум.
Быйыл айылга барганымда, болду эми күйөөгө чыгайын, десем, “күйөөгө тийген ким эле жыргап жатыптыр”, — дешип, такыр болбой коюшту.
Ишенесиңерби, ушу убакытка чейин өзүм үчүн тыңыраак эч нерсе ала элек экенмин. Болду салбайм, өз оокаттарын өздөрү кылышсын, дейм дагы, анан телефон чалып, ыйлактаса эле боорум ооруп, чыдабай кетем.
Тажадым! Өз келечегимди кургум келет. Ал үчүн эмне кылышым керек?







