AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үй ичиндеги огород: Терезеге жашылча жана көк чөп өстүрөбүз

Үй ичиндеги огород: Терезеге жашылча жана көк чөп өстүрөбүз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Сүйүктүү жашылчаларыңызды жыл бою жегиңиз келсе, балконго же терезе текчесине кичинекей огород жасап алыңыз.

Үй ичинде кандай жашылча жана көк чөптөрдү өстүрсө болоорун төмөндөн окуңуз.

                                                                 Бадыраң

Үй ичинде бадыраң өстүрүү үчүн «машенька», «домовенок Кузя”  же “маринда” сыяктуу өзүн-өзү чаңдаштырган сортторду тандагыла. Түбүндө тешиги бар 5 литр контейнер керек. Ага дренаж, нымдалган топурак сээп, үрөндү отургузгула. Эсиңерде болсун, бадыраң көп суу ичет, “сквозняктан” коркот, жылуулукту жактырат. Температураны 20-25 ° Сдан жогору көтөрбөгүлө. 10-12 жалбырак чыккандан кийин учун кесип койгула, болбосо түшүмү жок каласыңар.

                                                                Помидор

Үйгө “беби”, “колибри” же “балконное чудо” карлик сорттору чыдамдуу келет. Уруктарды ири кутучаларга же мойну жок пластик бөтөлкөлөргө сепсе болот. Эң негизгиси, суу куюп тургула, бирок, аша чаап кетпегиле. Помидорлор  өздөрүн 23-25 ​​° С температурада жайлуу сезишет. Мөмөлөр түйүлүп чоңоё баштаганда, бутактарын байлап койгула.

                                                                  Көк пияз

Көк пияздын “ростовский” же “спаский” сорттору түшүмдүү. Отургузуудан мурун пияздарды ысык сууга салып, бир түнгө калтырып койгула, андан кийин баш жагын кичине кесип, кабыгын аарчыгыла. Бири-биринен 1-2 см аралыкта өтө терең эмес кылып отургузгула. Температура 18-20 ° Сден жогору болбосун. 25-30 см узарганда кесип колдоно берсеңер болот.  

                                                               Таттуу калемпир

Үй ичинде өстүргөнгө «остров сокровищ» жана «винни-пух» сорттору ыңгайлуу. Биринчи пластикалык идиштерге үрөөнүн өстүрүп алгыла. 6-7 жалбырак пайда болгондо, 4-5 литрлик керамика контейнерлерге отургузгула. Суу сээп жана куюп турганды унутпагыла, 25 ° С температураны сактагыла. Бышкан жемиштерди дароо үзүп алгыла, бир көчөттө 4 калемпирден көп эмес болушу керек.

                                                                Сабиз

«Пармекс», «софи» же «внучка» мини-сортторун тандасаңар жаңылбайсыңар. Өстүрө турган идиш терең болушу керек. Сабиз жылуулукту жакшы көрөт, бирок, түз тийген кун нурунан соолуп калат. Оптималдуу температура 15 — 25 ° Сга чейин. Бат-бат суу куюп тургула, жер семирткичтерди көп колдонбогула, болбосо жөн эле жалбырак менен сабак өсүп калат.

                                                                 Петрушка

Салмагы 30-60 грамм, тамыры жетилип калган петрушка бат өсөт. Горшокко же кутучага отургузуп, төбөсүн топурак менен көмүп, мол сугаргыла. Өсүп чыккыча салкын жерге кармагыла. Өсүп чыккандан кийин көп жылуулук жана жарык керек, 20-25 ° С идеалдуу. Бат-баттан, бирок, ченеми менен суу куюп тургула.

                                                                Кресс-салат

Бул көк чөптөрдүн өтө жөнөкөйү болуп саналат. Кресс-салатка 18 ° Cдан жогору температура жана орточо көлөкө болсо жетиштүү. Топуракты бат-баттан нымдандырып турсаңар,  2-3 жумадан кийин биринчи түшүмүн берет. Аз-аздан кесип алгыла, анткени кресс-салат бат эле соолуп калат.

Өзүңөр көргөндөй баары жөнөкөй. Үйгө жыл бою жашылчаларды өстүрүү үчүн атайын билим алып, мыкты дыйкан наамын алуунун кереги жок. Камкор жана сабырдуу болсоңор, көп өтпөй биринчи түшүмүңөрдү аласыңар.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Гинеколог жооп берет: Төрөбөй жүргөнүмө күйөөм күнөөлүүбү?

Гинеколог жооп берет: Төрөбөй жүргөнүмө күйөөм күнөөлүүбү?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.