AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болуу үчүн буларды жасоо керек. 7 кеңеш

Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болуу үчүн буларды жасоо керек. 7 кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Нике айнек сымал морт болот, аны бапестеп, сынып кетүүдөн коргоп, этият мамиле кылуу керек. Үй-бүлөлүк жашоону бактылуу кылуу үчүн, айрым учурларда аны сактап калууда да пайдасы тийген бир нече кеңеш бар. Бул жерде айтылган 7 кеңеш үй-бүлөлүк жашоого пайдасын гана алып келет.

  1. Кечиримдүү жана ак көңүл болгула. Көптөгөн илимий изилдөөлөр эбак эле далилдешкен. Кечиримдүү адам, таарынычын өзүнө катып алганга караганда кыйла бактылуураак болот. Илгери бир акылман айткан экен “бактылуу үй-бүлө — бул бирин-бири кечире билген эки адамдан турган бирикме”.
  2. Көбүрөөк бирге убакыт өткөргүлө. Тилекке каршы, көпчүлүк жубайлар бул кеңешке көңүл кош мамиле кылышат. Свиданиелер, бирге тамактануу, бирге кино көрүү, бирге сейилдөө… Үйлөнгөндөн кийин мунун бары өткөн чакта калат. Эми экөө эки жакта телефонун чукулап отурушат. Токтоткула. Телефонду өчүргүлө. Отуруп алып сүйлөшкүлө, келечекке пландарды кургула, кыялдарыңар менен бөлүшкүлө. Мухаммед пайгамбар, адам менен сүйлөшүп жатканда, жүзүн сүйлөп жаткан адамга буруп, кунт коюп уккан. Силер да андан үлгү алгыла. Изилдөөлөргө таяна турган болсок, өздөрүн бактылуубуз, деп эсептеген жубайлар жумасына бири-бирине 5 саатан кем эмес убакыт бөлүшөт экен. Чарчадыңбы, алың калбай калдыбы, маанайын жокпу айырмасы жок. Түгөйүңө убакыт бөл.
  1. Күндө “сүйөм” деген сөздү айтып тургула. “Сүйөм” деп айтуу, сезимиңди ар кандай ыкмалар аркылуу билдирүү абдан маанилүү. Бир да күнүңдү кур өткөрбөгүлө. Жумушка баратып коштошкула, жолукканда кучакташып учурашкыла, бири-бириңе кам көргүлө, жылуу сөздөрдү айтып же телефон аркылуу билидирүү жөнөткүлө.
  2. Азыраак сындап, көбүрөөк мактагыла. Эч ким сын пикирди уккусу келбейт. Өзгөчө жакын адамыңдын сөзү катуу тиет. Сындоо — ортодогу мамилеге доо кетирет. Эгер жакшы нерсени байкабай жалаң кемчиликтерди айтып туруп алсаң, адам акыры ошондой боло баштайт. Бул адамды эмнеси үчүн сүйүп калдым, мага эмнеси менен жаккан? — деген суроонү өзүңөргө берип, ошол сапаттарын айтып, жубайыңарга дем-күч берип тургула. Жаңы бийиктиктерге жетүүгө үндөгүлө. Комплимент айтуудан тажабагыла.
  3. Ыраазычылыгыңарды көрсөткүлө. Албетте күнүмдүк тиричиликте жөнөкөй эле “рахмат” деген сөздү айтып коюууну унутуп калабыз. Кээде, түгөйүбүздүн биз үчүн жасаган нерселерин анын милдети катары кабыл алабыз, ошондуктан ыраазычылык билдирүүнүн кажети жоктой сезилет. Жакындардын сиз үчүн жасаган майда барат нерселерин барктаңыз.
  4. Боорукер болгула. Албетте, урушуп-талашып жаткан учурда боорукер болуу оор. Бирок так ушундайда мээримдүү болуу маанилүү. Мээримиңерден аянбагыла.
  5. Керексиз үмүттөрдөн арылгыла. Жогоруда айтылган кеңештерди окугандан кийин, дароо иш жүзүндө колдонуп көргүңөр келет. Бирок бир нерсе эсиңерде болсун — реалдуу болгула. Бул кеңештерди пайдалануу узак жолго аттануу дегендик. Жубайыңыз же жолдошуңуз бир эле күндө/түндө өзгөрүп калышын күтпөгүлө. Өзгөрүүлөр бөлмөдөгү жарыкты шырт этип жандыргандай боло калбайт. Ал үчүн күндө аракет кылып, өзүңдү, өзүндүн мамилеңди өзгөртүү зарыл.

Ылайым бактылуу болгула!

Маалымат islam-today.ru сайтынан алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Баланын эмгеги – эмне үчүн керек жана кандай функцияны аткарат

Баланын эмгеги – эмне үчүн керек жана кандай функцияны аткарат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.