AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары. Адис айтып берет

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары. Адис айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаева Bilesinbi.kg’ге «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун кантип алса болоорун айтып берди.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ай сайын берилчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алышат.
 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу кимдерге берилет?
  • үй-бүлөнүн курамында 16 жашка чейинки балдар болсо;
  • ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 900 сомдон төмөн болгон учурда берилет.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун чектөөдө кандай кирешелер эске алынат?

Эгерде үй-бүлөдө иш абалындагы пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз, кыймылдаткычынын күчү 2000 жана андан көп куб сантиметр болгон жеңил, чарбалык, жүк ташуучу унаалар жана автобус болсо, жөлөк пул чектелбейт. 

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.

Эске алынбайт: пенсиянын, мамлекеттик жөлөк пулдардын бардык түрлөрү, сөөк коюу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылуу зарыл.

Үй-бүлөнүн кайсы жерде катталгандыгы маанилүү эмес! 

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу кандай өлчөмдө дайындалат?

Жөлөк пулдан өлчөмү 810 сом. Эгерде үй-бүлө коэффициент белгиленген бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын калктуу конушта жашаса, анда жөлөк пул коэффициентти эске алуу менен дайындалат. 

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керек?

  • арыз ээсинин паспорту
  • факт жүзүндө жашаган жерден үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат
  • балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • банктык эсеби жөнүндө маалымат
  • кирешелер жөнүндө маалымат. 

Зарылчылык болгон учурда кошумча документтер берилет.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу бардык документтер алынып келинген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат. 

 Дайындалган жөлөк пул кайсыл жерде төлөнөт?

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, банк жок болгон калктуу конуштарда почта аркылуу төлөнөт. 

Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Тамеки чегүү арыктоого жардам берет деген чынбы? Адис жооп берет

Тамеки чегүү арыктоого жардам берет деген чынбы? Адис жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.