AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

29 сентября, 2020
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам Bilesinbi.kg! Азыр ушунчалык бактылуумун деп койгула, силер менен бөлүшпөсөм жарылып кетчүдөймүн. Анда эмесе бир мактанып алууга мүмкүнчүлүк бергиле.

“Качан үйлөнөсүң”, «жашың өтүп кетти», «карт бойдок»  деген сөздөрдөн качып, алыскы райондорго жумушка орношуп алдым. Бойдок жүргөнүм дос-туугандарыма тынчтык бербей койду. Жадакалса, эшиктеги Балтектин көзүнөн ушул суроону көрө баштадым. Бул жакта мени эч ким тааныбайт, жыргап жүрө берем. 

Чакан ишканада инженермин. Компьютерлери бузулса, точкасы күйүп кетсе, столунун буту сынып калса, калеми тоголонуп полдун тешигине түшүп кетсе деле мени чакырышат. Көнүп деле калдым, кайра жардамым тийип жатканына сүйүнөм.

Бир күнү бухгалтер эже кабинетине чакырды. Инструменттер салынган ящигимди көтөрүп алып бардым.

— Мастер (жумуштагылар мени ушинтип коюшат), жакшысыңбы?

— Рахмат эже, эмнеңизди оңдоп берейин?

— Тиги бош турган времянкама квартирант киргиздим эле. Проводдору жыттанып жатат дейт. Жумуштан чыгып бир карап берип койчу.

— Болду эже, айтканыңыздай болот.

Үйдө жөн жаткандан көрө деп макул болдум.

Жанараны бир көрүп жактырдым. Билбейм, жүрөгүм бат-баттан согуп, дем жетпей, кызарып чыктым. “Сизге эмне болду? Өзүңүздү жаман сезип жатасызбы?”, акыбалымды сураганда такыр эле өзүмдү жоготуп койдум.

Күн сайын “бул жериңизди оңдоп коюшуңуз керек экен”,- деп, бухгалтер эженин үйүнө бара берчү болдум. Эже байкатпаганы менен, баарын сезип жатты.

Бир жолу үтүк оңдоп отурсам, Жанаранын алты жаштагы баласы жаныма келди.

— Сен менин атамсыңбы?

— Ооба.

— Анан буга чейин кайда жүрдүң?

— Силерди издеп жүрдүм.

Акылдуу экени көзүнөн көрүнүп турат. Унчукпай басып кетти. Бир аздан кийин Жанара келип эмне үчүн андай дегенимди сурады. “Сени сүйөм” дедим. Уулуна окшоп унчукпай басып кетти.

Тырышып жүрүп көңүлүн таптым. 

Жанаранын бир эле баласы бар экен. Кызыл камчы күйөөсү менен ажырашып кеткенине көп болуптур. Берки эки баласы каза болгон эжесиники экен. Жездеси таштап кетип калыптыр.

— Апа, кандайсыз? Атамдар жакшыбы?

— Жакшы балам. Тынчылыкпы?

— Силерге келин алып барайын деп жатам.

— Болсун, айланайын, болсун. Алып келе бер, биз даярбыз.

— Апа, анан… неме… Келиниңизге кошуп үч небере алып барам.

Бир саамга унчукпай турду.

— Апа?

— Алып келе бер, кудайдан небере сурап жүрдүм эле, минтип дароо үчтү берди.

— Апа рахмат, силерди каршы болот го деп коркком.

— Балам, эгер бактыңды ошол адамдан көрүп турсаң, эмнеге каршы болобуз.

Ата-энемдин сүйүнүчүндө чек жок, неберелерин эркелеткенден тажашпайт. Балдарым “ата” десе, жүрөгүм башкача боло түшөт. Келинчегим менен апам дагы бат эле тил табышып кетишти. Күлүп сүйлөшүп отургандарын көрүп ичип жылыйт.

Ооба, шыбырашкандар толтура болду. Бирок, мен аларга эч көңүл бурбадым. Баса жакында төртүнчү ирет ата болгону турам. Ушунчалык бакытылуумун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар

Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар, кайсы жерден алса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.