AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Урологго баргандан уялуунун 5 себеби

Урологго баргандан уялуунун 5 себеби

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Урологго барыш керек дегенде эле оюңузга жаман нерселер келип, колдоруңуз титиреп, тердеп, кызарып чыгасызбы? Эмне үчүн мындай болорун уролог Нурбек Монолов айтып берет.

  1. Урологго жыныстык катнаш менен жашагандар барат дешет

Көпчүлүк урологго жыныстык катнаш менен жашагандар эле барат деп ойлошот. Ошон үчүн адиске келип көрүнгөндөн качып, оорутуп жатса дагы чыдап жүрө беришет. Бирок, андай эмес экенин айтып коеюн. Урологго кичинекей баладан баштап, карыгандар, аялдар дагы кайрылат. Анткени, жыныс мүчөдөн тышкары бөйрөк, табарсык деген башка көйгөйлөр дагы бар.

  1. Врачтар оорусун бирөөгө айтып коет деп чочулашат

Урологго кайрылгандан уялбаңыз. Биз ушак таратпайбыз, эч кимге айтпайбыз. Бизде врачтык жашыруун сыр деген бар. Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык врачтык этиканы бузуп, врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

  1. “Эл эмне дейт?” же өнөктөшүнө айткандан уялышат

Көпчүлүк эркектер өнөктөшүнө өзүндө кандайдыр бир көйгөй болуп жатканын айткылары келбейт. Алысыз көрүнгөндөн уялып, ооруну акыркы убакытка чейин чоюп жүрө беришет. Жыйынтыгында тукумсуздукка чейин алып барган кесепттерге чалдыгышат. Ооруп жатасызбы, дароо кайрылыңыз. Ден соолукка кам көрүү биринчи орунда турарын унутпаңыз.

  1. Оору өзү эле өтүп кетет дешет

Ооруу өзүнөн өзү басылат деп ойлошот, интернеттен издешет же тааныштарынан кеңеш сурашат. Бул чоң жаңылыштык. Ар бир организм индивидуалдуу, бирөөнүн оорусу экинчисине окшошпойт. Бир нерсе тынчсыздандырып жатабы, дароо дарыгерге чуркап баруу керек. Оорутуу денебизде бир көйгөй бар экенин билдирет. Ошондуктан аны көрмөксөнгө салып койгон болбойт.

  1. Дарыгерге ооруганда гана барыш керек деп ойлошот

Бул жерден ата-энелерге кеңеш берет элем. Балдарыңырды профилактика үчүн кичинесинен баштап дарыгерге көрүнүүнү адат кылып койгула. Бул ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Көпчүлүк дарыгерге ооруганда гана барыш керек деп ойлошот. Бирок, ооруну алдын алуу, жылына бир жолу көзөмөлдөн өтүп туруу эң пайдалуу адаттардын катарын толуктайт.

Эскертүү! Дарыгерге барардан мурун гигиена эрежелерин аткарганды унутпаңыз: душка түшүү, таза ич кийим кийүү. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул кадрлар кайсы кыргыз кинолорунан алынган? Кыйын болсоңуз таап көрүңүз

Бул кадрлар кайсы кыргыз кинолорунан алынган? Кыйын болсоңуз таап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.