AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Унуталбайм: Арадан 6 жыл өтсө да жүрөгүмдөсүң

Унуталбайм: Арадан 6 жыл өтсө да жүрөгүмдөсүң

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жаңы жыл кирип келип, окуучулар 10 күндүк кышкы каникулга чыктык. Шаарга барып келейин деген сунушума ата-энем макул болбой, айылда эле калдым.

Айылыбызда жыл сайын муз аянтчасы ишке берилип, айыл жаштары ал жактан чыкчу эмес. Үйдө жата бергенден зээригип коньки тепкени жөнөдүм. Жаңы бутума конькини кийип, муз аянтчасына чыксам, топтолушуп шаардан келген балдар жүрүптүр. Кулакка наушникти салдым да, муз аянтчасын айлана коньки тебе баштадым. Бир маалда бир жигит келип коньки тебишти үйрөтүп коюшумду өтүндү. Аны эмнеси бар экен, каршы болгон жокмун.

Колундагы кол капты чечип колун сунду. Бир сыйра тиктеп колумду бердим да, “мына минтесиң, биринчи оң бут, анан сол бут, кичинеден тепсең бат эле үйрөнөсүң” деп үйрөтө баштадым.

Күлүп, «Мен конькини сенден жакшы тебем карындаш, сени менен таанышайын деп эле бул сунушту киргизгем. Атың ким болот?» – деди. Колумду жулуп алдым да, «Аябай күлкүлүү. Тааныша албайм!» — деп кетип калдым.

Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин телефон чалды.

— Салам Алина! Мен коньки тепкенди билбеген бала. Эстедиңби?

— Ооба, эстебей анан. Жөн жай элеби?

— Жок, жөн эле да чалмак беле. Өтүнүчүм бар эле.

— Айт!

— Автобуска билетти сен жактан сатат турбайбы, мүмкүн болсо мага алып коёсуңбу? Кечке чейин калбай калат дейт. Мен болсо азыр бошобой жатам. Сенден билетти кечинде барып алып кетем. Суранам жок дебечи!

— Макул, алса алып коеюн. Оорчулугу деле жок. Аа баса, номурду ким берди?

— Кечинде айтып берем.

Кечки саат 7лерде келди. Автобуска деген билетти алды да, мени карап күлдү.

— Эмне күлкүлүү көрүнүп жатамбы?

— Жок, супсулуу көрүнүп жатасың. Болгону, дагы бир жолу алданганыңа күлүп жатам. Бош эле болчумун, жоолугууга макул болбой койбосун деп билетти шылтоо кылдым.

— Кыздарды көп алдайсыңго?

— А сен өзүңөн чоңдорго дайыма ушундай орой мамиле кыласыңбы? Мен сенден 8 жашка улуумун. Сиз же Кубат байке деп кайрылсаң болот.

— Кечиресиз Кубат мырза, кичинекей кыздарга тийишкенден уялып, жолуңузга түшүңүз! — дедим да үйгө кирип кеттим.

— Унутпа, менде номуруң бар. Жакшы кал!

Арадан бир ай өткөндө кыз-жигит болуу сунушун киргизди. Сүйлөшүп көрөйүн мени жактырып жаткандан кийин деп, каршы болгон жокмун. Жан дүйнөсү менен кылган мамилесине суз гана жооп берип жүрдүм. Чынын айтсам анчалык жакшы көргөн жокмун. Мени сүйөт, кайда бармак деп эле жүрдүм.

Кыз-жигиттик мамилебиз сегиз айга созулду. Менин башка бала менен жазышып жүргөнүмдү көрүп калып, мамилеге чекит койдуң. Жөн гана тааныш бала экенин түшүндүрсөм, көзүмө карап, “Алина, билем сен мени сүйбөйсүң. Мен болсо сени чын жүрөгүм менен сүйөм. Сени жубай кылгым келген, бирок башкалар менен жазышканыңды токтотпой койдуң. Бул бала биринчиси эмес, көптөн бери эле байкап жүргөм. Ишеничимден чыктың. Кечирип кой, эми бошсуң!” — деди.

Мына ошондон кийин сени жакшы көрөөрүмдү түшүндүм. Мага кылган жылуу, чыныгы мамилеңдин баркын билдим. Сагындым, күттүм, кечирим сурадым кайрылып келген жоксун.

Башкага баш кошконуңду укканда жүрөгүмдүн ыйлаганы азыр да эсимде. Азыр бактылуусуң, жаркылдаган келинчегиң, балаң бар.

Билесиңби, арадан 6 жыл өтсө да жүрөгүмдөсүң. Сени сагынам, ойлойм, бирге өткөргөн күндөрдү эстегенде, кетирген катам үчүн өкүнөм. Мен сени унуталбай жүрөм…

Бул катым менен башкаларга кайрылгым келет. Урматтуу окурмандар, силерди жакшы көргөн адамды эч качан алдабагыла. Ишеничти жоготуу менен эч качан бактылуу боло албайсыңар! 

BILESINBI.KG долбоорунун окурмандары, өз окуяларыңар менен бөлүшүүнү кааласаңар 0704004608 ватсап номуруна жазгыла. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Абитуриентке: Поезд айдоочуларын даярдаган лицей

Абитуриентке: Поезд айдоочуларын даярдаган лицей

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.