Саламатсыздарбы! Менин суроом төмөндөгүчө, иним былтыркы жылы мектепти аяктап чет өлкөгө же Бишкектеги мыкты окуу жайларга тапшыруу үчүн жалпы тестирлөөгө катышкан, бирок жалып жестирлөөдөн чет өлкө үчүн жетишерлик бал алалбай Бишкектеги мыкты окуу жайга болсо, кээ бир себептер менен тапшыра албай калган. Убакытты уттурбайын деп былтыркы жылы ЖАМУга тапшырган. Бул жыл башкадан даярданып жалпы тестирлөөгө катышууну каалап даярданып жаткан. Жалпы тестирлөөгө катталуу үчүн мектепти аяктагандыгын тастыктоочу аттестаттын түп нускасы керек деп жатат, университетен сураса проректорго арыз жаз деп айтыптыр, арыз жазса проректор же окуудан толугу менен кет же окуу деген шарт коюптур, биз аттестатты бере албайбыз деп. Университеттен аттестаттын түп нускасын алууга же ЖРТга күбөлүктүн көчүрмөсү менен катталуу мүмкүнчүлүгү барбы? Окуудан кетпей эле жалпы тестирлөөгө катышууну каалап жатат, эгер жакшы упай алып калса чет өлкөгө окууга кетмек, болбой калса окуусун уланта бермек.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







