AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Университет тандоодо эмнелерди билүү маанилүү?

Университет тандоодо эмнелерди билүү маанилүү?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

                                      

Кайсы университеттердин бүтүрүүчүлөрү бир нече жылдан кийин суроо-талап жаратат? Кандай багыттарга бюджеттик орундар берилет жана кайсы жерде атаандаштык көп? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков айтып берди.

                                               Image result for КУДАЙБЕРДИ ГАПАРАЛИЕВИЧ

— Бул жылы кайсы багыттагы адистиктерге бюджеттик орундар көп берилет?

Жылына тиешелүү изилдөөлөргө таянуу менен мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларына жалпысынан 5700 гранттык орун бөлүнөт. Негизинен педагогикалык, медициналык багыттарга көбүрөөк басым жасалат. Быйылкы окуу жылында бир өзгөчөлүк катары IT технология, программалоо багыттарына бюджеттик орун көбөйтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле тоо-кен, айыл-чарба багыттарына дагы гранттык орундар берилип келет.

Гранттык орундарга илингиси келген бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдан алган упайы 110дон жогору болушу керек. Маалыматтар боюнча бюджеттик орундарга педагогика, физика-математикадан тышкаркы багыттагы адистиктерде конкурс өтө жогору болот. Төмөн упай алган абитуриенттер көп тапшырган университеттердин билим деңгээлинин сапаты начар деп бир жактуу айтууга болбойт. Себеби, бир окуу жайда бир адистикке беш эле орун бөлүнгөн болсо ага жогорку упай алгандар өтөт.

Лидер университеттерди аныктоо үчүн жакынкы аралыкта багыттар боюнча рейтинг чыгарабыз. Бүтүрүчүүлөрүбүз бул рейтинг менен май айларынын аягында ММК, биздин сайт аркылуу тааныша алат.

                                                    

— Стипендия кимдерге берилет?

— Мамлекет гранттык негизде окуган студенттерге гана стипендия берет. Бирок каражат бөлүп берип жаткандан кийин, бир талабы бар.

Медицина жана педагогика багытындагы бюджеттик орундардын бүтүрүүчүлөрү тиешелүү тармактарга бөлүштүрүлүп, 2-3 жыл бекер иштеп беришет.

Ал эми студенттердин үй-бүлөлүк шартына же жүйөлүү себептерине карап университеттер өздөрү контрактык төлөмгө жеңилдиктерди жасап берүү сыяктуу социалдык жардам көрсөтөт.

                                                       

— Мамлекеттик ЖОЖдордун берген диплому чет өлкөлөрдө таанылабы?

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык макулдашуу жүргүзгөн мамлекеттер бар. Эгерде бүтүрүүчү жумуш издеп айтылуу мамлекеттердин бирине барып калса, анын диплому таанылат. 2016-2017 жылдан баштап  ар бир университетибиз бүтүрүүчүсүнө бере турган дипломунун чет өлкөлөрдө таанылуусу үчүн көз карандысыз агенттиктерден аккредитациядан өтүп жатат. Бизде бул боюнча 4 агенттик бар. Алсак, жакынкы 2-3 жылдын ичинде биздин бүтүрүүчүнүн бүткөн адистиги бул көз карандысыз агенттиктерден сапатын кепилдеп, аккредитациядан өткөн болсо, ал бүтүрүүчү Европа сыяктуу чет мамлекеттерге чыгып калса, анын диплому сөзсүз түрдө таанылат. 

                                              

— Кайсы адистиктин студенттери бир нече жылдан кийин суроо-талапка ээ боло алат?

— Биз гранттык орундарды бөлүп жатканда эмгек министрлигинин жакынкы 4 жылда кайсы адистиктерге муктаждык болот деген маалыматына карайбыз.

Расмий изилдөөлөрүбүзгө ылайык алдыңкы орунду IT тармагы ээледи. Тоо-кен, айыл-чарба багыттарына дагы муктаж күчөп жатат. Ошондой эле Кыргызстан рыногунда орто кесиптик жумушчуларга суроо-талап жогору.

Ата-энелер дагы балдарынын конкреттүү кесип үйрөнүүсүн кааалап калышты. Бүгүнкү күндө дуалдык билим берүү эң популярдуу болуп жатат. Бул деген окууга тапшыргандан баштап эле, фирма же заводго барып иштейт. Биз дагы бул багытты өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз.

                                                        

— Абитуриент билим берүү мекемесин тандап жатканда эмнелерди эске алышы керек?

— Биздин кемчилигибиз бүтүрүүчү мен окуумду бүткөндөн кийин кандай натыйжаларга жетиша алам деген суроого жооп издебегенинде болууда. ЖОЖго келип, колунан эмне келээрин билбей эле окуп жатышат.

Андыктан биринчиден өз жөндөмүн карап, экинчиден кызыккан багытын тактап, бул багыт боюнча билим бере турган 2-3 университетке барып “силерге тапшырсам кандай жыйынтыкка ээ болом” деп сураш керек.

Азыртадан кайда иштей тургандыгы туралуу ойлонуу зарыл. Азыркы заманда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү абдан көп, аларды пайдаланганга жетишкиле демекчимин.

                                                      

                                                       

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Этек кир циклинин бузулушу гинекологиялык оорунун белгиси

Этек кир циклинин бузулушу гинекологиялык оорунун белгиси

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.