AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Университет менен келишим түзүп жатканда буларга көңүл буруңуз. Студентке кеңеш

Университет менен келишим түзүп жатканда буларга көңүл буруңуз. Студентке кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жогорку окуу жайга өткөн ар бир абитуриенттин колуна келишим берилет. Көпчүлүк учурда студент бул процесске жакшы маани бербей, кагазды толук окубай туруп колун коюп коёт. Баардык балээ ошондо башталат. Окуу жай менен келишим түзүү жол-жоболору тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигин башкы адиси Чубукова Евгения айтып берет.

Биринчиден, келишим түзүүдөн мурун окуу жайдан лицензиясы барбы сураңыз.

Экинчиден, эч шашпаңыз. 2-3 баракты окугандан эринип жатсаңыз дагы баарын кылдаттык менен карап чыгыңыз. Келечекте окуу жай менен түшүнбөстүктөр пайда болгондо, сиз күнөөлүү болуп калбагандай болуңуз.

Окуу жайдын уставы менен таанышып чыгууну унутпаңыз.

Үчүнчүдөн, эсиңизде болсун, келишимде эки тараптын укуктары, билим алууга акы төлөө шарттары камтылыш керек. Мисалы, мөөнөтү, өлчөмү, акча кандай учурда кайтарылат, кандай учурда кайтарылбайт, кандай таризде төлөнөт. Ийне жибине чейин окуңуз.

Төртүнчүдөн, келишимге кол коёрдон мурун окуу планы менен таанышыңыз.

Келишимде сиз макул болбогон жерлер бар болсо, окуу жайга билдириңиз. Бирок, өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү төмөн. Алсак, бюджетте окуй тургандардын келишими өкмөт тарабынан бекитилген.

Бешинчиден, акы төлөө пунктуна жакшылап көңул буруңуз. Мисалы, акы төлөнгөндөн кийин, окубайм десеңиз, кайра акчаңызды ала албай калышыңыз мүмкүн.

Көп учурда, келишимде «ЖОЖ инфляцияга карата окуу акысын көтөрүп турат» деп жазылган болот.

Алтынчыдан, окууга тапшырып, келишимге кол коюп, бирок бир дагы сабакка келбеген студенттер бар. Алар бир семестрден кийин келип документтин алайын десе бербейт. Себеби сиз алдын ала кетем деп айткан эмессиз. Буйрук чыкканга чейин юридикалык жактан тапшырган окуу жайыңыздын студенти болуп эсептелип, акы төлөгө милдеттүү болуп каласыз. Андыктан, кетүүнү кааласаңыз алдын ала билдириңиз.

Жетинчиден, айтылуу окуу жайдын шарттары сизге туура келсе гана кол коюңуз.

Сегизинчиден, келишимге дагы эле күмөнүңүз болсо, юристке алып барып көрсөтүңүз.

Каалаган учурда ЖОЖ менен түзгөн келишимди бузуп, көрсөткөн кызматына акысын төлөп кете аласыз.

Окууңарга ийгилик!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул музыкалык аспаптарды билесизби? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Бул музыкалык аспаптарды билесизби? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.