AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Убакытты туура бөлүштүрүү баланын келечектеги жашоосуна канчалык пайдалуу?

Убакытты туура бөлүштүрүү баланын келечектеги жашоосуна канчалык пайдалуу?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Убакыт — артка кайтаруу мүмкүн болбогон ресурс. Бирок балалыкта анын кайтарылгыс экенин, баалуулугун, бат эле өтүп кетерин аңдай бербейсиң. Анткени, баланын убактысын жана жашоосун чоңдор тескейт: эртең менен ойготот, мектепке алып барат, тапшырмаларын эстетип турат. Өкүнүчтүүсү, балада убакытка болгон сезим калыптанбаса, аны эффективдүү башкара албай калат, бой жеткенде кыйынчылыктарга дуушар болот. Kaktus.media редакциясы убакытты башкаруу баланын өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизери тууралуу адистерден билип көрдү.

Тайм менеджмент чоңдор үчүн гана эмес

Эл аралык бизнес-тренер Лилия Утюшева 20 жылдан ашуун ири компаниялар менен иш алып барып, өнүгүү, анын ичинде убакытты башкаруу боюнча тренингдерди өткөрүп келет. Бизнес-тренердин айтымында, убакытты эффективдүү башкаруу жөндөмдүүлүгү алдыга койгон максаттарга жетүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана жашоонун ар кандай тармактарында ийгилик жаратууга мүмкүндүк берет. Эгер адам убакытын туура бөлүштүрсө, анда өзүнө, жакындарына жетиштүү көңүл буруп, эс алуу жана көңүл ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

«Жашоо — бул белгилүү бир этаптардан турган эволюциялык цикл. Бул этаптардын ар биринде адам өнүгөт. Убакыт төмөнкүлөргө бөлүнөт: ойноого жана билим алууга, келечектеги кесипти тандоого, тандалган тармакта өзүн көрсөтүүгө, бизнес баштоого, жаңы нерсени сыноого, ката кетирүүгө, үй-бүлө курууга. Бул этаптардын ар бирин продуктивдүү жашап өтүү маанилүү болуп саналат.

Тема боюнча:
 

Мамбетов балага убакытты туура башкарууну үйрөтүү эмне үчүн маанилүү болуп саналарын айтып берди.

Өзүн-өзү жөнгө салууну өнүктүрөт. Убакытты пландоо балдардан белгилүү бир деңгээлде өзүн-өзү жөнгө салууну талап кылат. Муну менен алар максат коюп, ага жетүү үчүн керектүү тапшырмаларды аткарууга убакыт бөлүп, графикти сактоону үйрөнүшөт.

Приоритеттерди бөлүштүрүү жөндөмдүүлүгү өрчүйт. Убакытты пландаштыруу менен балдар өз алдынча биринчи кайсы тапшырмаларды аткаруу керектигин чечишет. Бул жөндөм алардын келечегине абдан пайдалуу.

Жоопкерчиликке үйрөтөт. Убакытты пландоо балдарга жасаган иш-аракеттерине жана жыйынтыктарына жоопкерчилик алууга үйрөтөт. Алар эгер тапшырмаларды кийинкиге калтырса стресске же ийгиликсиздикке учурай турганын түшүнүшөт.

Стрессти төмөндөтөт. Убакытты туура пайдаланууну билүү балдарга стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Алар ашыкча басымга жол бербей, өз милдеттерине аң-сезимдүү мамиле жасай алышат.

Өзүн-өзү уюштурууну жакшыртат. Балдар убактысын окууга, оюндарга, эс алууга жана башка милдеттерге бөлүштүрүүнү үйрөнүшөт. Бала чарчабастан бардык тапшырмаларды аткарууга үлгүрөт. Бойго жеткенде, жумушу, эс алуусу, үй-бүлөсү жана хоббиси ортосунда баланс түзө алат.

Баланы пландоого жана коюлган планды аткарууга кантип үйрөтүү керек?

Мамбетов балага бир нерсени үйрөтүүдө чоңдордун үлгү болуусу негизги роль ойной турганын белгилейт.

«Бала сөздү туурабайт, ал кыймыл-аракетти туурайт. Эгер ата-эне ага бир нерсе үйрөткүсү келсе, өздөрү үлгү болушу керек. Өзүңүз кылбаган нерсени балага «муну кыл», «тигини кыл» деп айтуунун пайдасы жок. Эгер балаңыз бүт нерсеге жетишип, тапшырмаларды өз убагында аткарып, ошол эле учурда чарчабаса экен дейсизби? Анда өзүңүз тапшырмаларыңызды убагында бүтүрүп, максаттарыңызга жетишиңиз керек», — дейт.

Эмнеден баштоо керек?

Балаңызга өз күнүнө кожоюн болгонго үйрөтүңүз. Ал мектептен саат канчада келерин, эмне кылаарын, үй тапшырмасын аткарууга жана ойноого канча убакыт бөлөөрүн, башка иш менен алектенеби же жокпу билиши керек.

Алдыдагы күнгө даярдык бир күн мурун башталат. Кийинки күнгө планды кечкисин түзүп алган туура болот. Айталы, эртеңки күнгө портфель менен кийимдерин кечинде камдап коюшу керек.

Пландар жазуу түрүндө болууга тийиш. Бул күнгө карата күн тартиби, пландар, тапшырмалар кагазга жазылып, көрүнүктүү жерге илиниши зарыл. Бул балага качан жана эмне кылуу керектигин эскертип турат.

Бала өз күнүн пландаштырганды үйрөнгөндөн кийин, эми бир жумага же бир айга план түзө баштасаңар болот. Анда максат жана убакыт сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш.

Планды талкуулоодо бала төрт суроого жооп алышы керек:

  • Эмне үчүн? Бул суроонун жообу балага эмне үчүн мындай кылуу керектигин, жыйынтыгында эмне күтүлөрүн түшүндүрөт;
  • Эмнеге? Ата-энелер айтылуу чечим эмнеге бала үчүн туура болорун өз тажрыйбаларына таянуу менен түшүндүрүшү керек;
  • Бул тапшырманы аткаруу үчүн эмне кылуу талап кылынат?;
  • Ага кантип жетсе болот? Планды аткаруунун ыкмасын жана мөөнөттөрүн аныктоо зарыл.

Эс алуу. Ар бир аткарылган тапшырмалардан кийин татыктуу эс алууга убакыт бөлүнүшү керек.

Эң негизгиси, пландоо тажатма, татаал болбосун, анан дагы, билим алууну же кандайдыр бир ишти гана эмес, эс алууну жана көңүл ачууну да пландаштыруу керек. Убакытты башкаруу бардык тармактарда колдонулганда гана, ал жашоо принцибине айлана турганын унутпайлы.

Белгилер: Ата-энелерге
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет

Өспүрүмдөрдүн көз карандылыгы тууралуу психиатр-нарколог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.