AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тыкыс турсий кийген эркектер балалуу боло албайбы? Урологдор айтып берет

Тыкыс турсий кийген эркектер балалуу боло албайбы? Урологдор айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Тыкыс турсий жыныс мүчөдөгү кан айланууну бузат, калтанын айланасындагы температураны жогорулатат.

Эркек тыкыс ич кийим кийип алганда калтасы ысып кетет. Эгер жумурткалардагы температура белгиленген өлчөмдөн бир нече градуска эле жогору болсо, жетиштүү урук бөлүп чыгара албайт.

“Албетте, эркек күнү-түнү тыкыс ич кийим кийип жүрсө терс таасири тиет. Ошол эле кичинекей балдарды алалы. Эгер аларга тыкыс турсий, памперс кийгизип койсо, жумурткаларынын өсүүсү, кан айлануусу бузулат, калталары бири-бирине тийип, айланасы тердеп, бышат. Бош ич кийим тердетпейт, температураны тийиштүү өлчөмдө кармайт”,-дейт “Medcenter.kg” медицина борборунун урологу Азат Бейшенов.

Изилдөөлөргө таянсак, эркектердин тукумсуздук көйгөйүнүн бир бөлүгү туура эмес тандалган ич кийим менен байланышкан. Бирок, уролог Болот Рысбаев тукумсуздуктун себеби тыкыс ич кийим эмес экенин айтат:

“Албетте, тыкыс кийим күнүмдүк турмушта ыңгайсыздык жаратат: ысытат, тердетет, кычыштырат дегендей. Медициналык көз караш менен карасак, жыныс мүчөдөгү кан айланууну бузат. Ошентсе да, тыкыс шым же турсий тукумсуздуктун башкы себеби деген туура эмес. Парашют сымал кенен ич кийимди тукумсуздукту алдын алуунун жөнөкөй чарасы катары көрсө болот. Ал эми тукумсуздуктун себеби дарыгерге келип көрүнүп, текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билинет”.

“Тукумсуздуктун бирден бир себеби тыкыс ич кийим деп айтуудан алысмын. Ошентсе да, эркектерге бош кийим тандагыла, денеге чапташкан ич кийим, шымдардан алыс болгула деп кеңеш берем. Ошондой эле, эртеден кечке чейин отуруп иштесеңер көбүрөөк кыймылда болуп, спорт менен машыккыла, үйдөн физикалык жумуш аткаргыла. Зыяндуу адаттардан баш тартып, туура тамактансаңар бир кыйла ооруну алдын алаласыңар”,-деди уролог Нурлан Эгетаев.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялымдын тили узун деген эркектин баяны

Аялымдын тили узун деген эркектин баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.