AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түркияда билим алуу жолдору

Түркияда билим алуу жолдору

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түркия чет элдик студенттерге акысыз жана толук стипендиялуу билим алуу үчүн эң көп мүмкүнчүлүк берген өлкө. Андыктан бул мамлекетте билим алган Кыргызстандык студенттердин саны арбын. Түркияга кантип окууга өтсөм болот дегендерге Анкара шаарынын Гази университетинин “Güzel Sanatlar” институтунун магистранты Айжамал Бейшеналы кызы маалымат берет.

Стипендия программалары

Түркияга окууга кетүүгө көп жолдор бар. «Түркия стипендиясы» (Turkiye burslari), Мевлана жана Эрасмус алмашуу программалары, Кыргызстан жана Түркия министрликтеринин ортосундагы келишим аркылуу окууга келүү жана башка. Ар бир программалардын шарттары бири-биринен айырмаланып турат. Ошондой эле абитуриент кааласа шартына карап Түркияга өз акчасы менен келип, сынак берип контракттык жана бюджеттик негизде окуй алат. Жыл сайын документтерди кабыл алуу мартка чейин жүргүзүлүп, кирүү сынактары май айында жергиликтүү жогорку окуу жайларда өткөрүлөт. Ошондой эле жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен дагы окууга өтсө болот.

Түркиянын айрым стипендиялык программалар баракчасы:

https://www.turkiyeburslari.gov.tr/

http://ec.europa.eu/education/

http://www.yok.gov.tr/en/web/mevlana/anasayfa

http://burs.tdv.org/

https://exchanges.state.gov/non-us

http://www.yok.gov.tr/web/farabi

Булардын ичинен “Түркия стипендиясы” гана Түркияга келе турчу студенттин бардык чыгымдарын төлөп, шарттарын түзүп берет. Бул программа боюнча окууга өтүүнү кааласаңыз, алгач https://www.turkiyeburslari.gov.tr/ шилтемесине киресиз, ал жердеги бүт маалыматтарды окуп чыгасыз. Андан соң тапшыруудагы эң алгачкы кадам сайтка кирип өзүңүз жөнүндө маалыматтарды толук жана туура кылып толтуруп, катталасыз. Биринчи катталганыңыз сиздин өздүк баракчаңыз сыяктуу сакталып калат. Сөзсүз профилге сүрөт коесуз. Паспорт, аттестат, диплом, мектепте же ЖОЖдо окуп жаткандыгынызды тастыктоочу жана бааларыңыз түшүрүлгөн документтер, сиз жөнүндөгү мүнөздөмөлөр, коомдук иштерде же курстарда алган ар бир сертификат, грамоталар жана албетте мотивациялык катыңызды PDF түрүндө жүктөйсүз. Түркия стипендиясы менен келген студенттерге биринчи жана бүтүп кетип жаткандагы акыркы жылдагы учак билети бекер болуп саналат.

“Түркия стипендиялары” программасынын айлык стипендиясы:

  • Бакалавр студентине 700TL=$180
  • Магистр студентине 950TL=$250
  • Докторант студентке 1400 TL=$370
  • Андан сырткары ар түрдүү фонддордон, изилдөө борборлорунан стипендия алып окуса дагы болот.

Жогоруда айтылган программалар менен келген студенттер ал программалардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, аз чыгым кетирет. Алсак:

  • Жатакана 2 маал тамагы менен бекер берилет.
  • Түркиянын кээ бир шаарларында жол акы дагы бекер болуп саналат.
  • Негизи студенттерге мамлекет тарабынан арзандатылган жол акысы күнүнө барып келүүгө эң арзан, 1-2$ болот.
  • Ооруканаларда абсалюттук түрдө бекер дарыланышат.

Ал эми өз мүмкүнчүлүгү менен келген студенттер эгерде окутуу тили бир гана түркчө болгон мамлекеттик университеттерде билим алышса бир семестрге $100- $200 төлөшөт. Ал эми англис тилинде гана окуткан университеттерге 2 эсе көп төлөнөт.

Өз мүмкүнчүлүгү менен келген студенттер үчүн айлык чыгашалар:

Окутуу тили

Түркияда дүйнө жүзүнө таанылган университеттер бар. Ал университтеттерде окутуу тили англисче болот. “Түркия стипендиясы” программасы аркылуу келсеңиз 1 жыл бою акысыз түрк тили боюнча даярдоо курсу окутулат. Бул программа менен келбеген, өз мүмкүнчүлүгү менен келген студенттер да өз акчасы менен Түркиядагы “Төмер” тил үйрөтүү борборлорунда түрк тилин үйрөнө алышат. Жалпысынын билим берүү тили англис жана түрк тилинде.

Жашаган жер издөө

Түркияда кыргыздардын саны аябай көп болгондуктан жашаган жерди интернеттен жарыя окуп же тааныштар аркылуу батир тапса болот. Түрк эли https://www.sahibinden.com/ сайтынан издешет. Сиздер да ушул сайттан издесеңиз болот. Ошондой эле фейсбукта “Түркиядагы Кыргызстандыктар(Кыргызстанцы в Турции)” https://www.facebook.com/groups/111285689037986/ жана Түркиянын ар бир шаарында жашаган кыргыздар өз ара ачкан группалар бар. Мисалы Стамбулдагы кыргыздар, Анкарадагы кыргыздар, Анталиядагы кыргыздар… Ушул группалардын натыйжасында кыргыздар бир-бирине жардам берип келишет.

Бирок акыркы убактарда Түркиядагы жолуңдан чыккан айрым кыргыздардан жардам сураган кооптуу болуп калган. Бул жерден сак болушуңуздар керек.

Виза маселеси

Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрсө болот. Ал эми студенттер ал убакыттан көп жашагандыктан Түркияга келген соң гана www.goc.gov.tr/ сайтына кирип электрондук түрдө (İkamet izni) жашаганга уруксат документин алуу үчүн кезек күнүн алат. Тактап айтканда ал сайттагы электрондук форманы толтурат, кезек күнү келгенде студент 55 TL= $15 төлөп, керектүү документтерин чогултуп тапшырып келет. Кезек күнү 1 ай же 2-3 айдан соң келиши мүмкүн. Ошондуктан студент Туркияга келээри менен интернет аркылуу кезек датасын алып коюшу шарт. Андан соң 1 айдан кийин адресиңизге ID карт сыяктуу жашаганга уруксат күбөлүгүн жиберишет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жан сыздаткан " сыздоок"

Жан сыздаткан " сыздоок"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.