AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы

Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Чет өлкөдө мигранттар чоочундарга гана эмес, өз жердештерине дагы алданып калышы мүмкүн. Айнооруздун (аты өзгөртүлдү) окуясы муну тастыктап олтурат. 

Айнооруз менен Түркиянын көчөлөрүнүн биринде жолуктум. Жакын жердеги дүкөндө сатуучу болуп иштейт экен. Бат эле тил табышып кеттик. Кечинде жай олтуруп сүйлөшөлү деп макулдаштык. Жумуштарымды бүтүрүп алып, болжолдошкон жерге бардым. Эбак эле келиптир. Чайдан жутуп коюп, өз окуясын айтып олтурду. 

Ал эже менен интернеттен тааныштым

Мындан 3 жыл мурун Түркияга кетүүнү чечтим. Интернеттен жумуш издеп олтуруп Анталияда жашаган кыргыз эже менен таанышып калдым. Ал эже түрк кишиге күйөөгө тийип бир кыздуу болуптур. Биринчи никесинен калган 2 баласы өзүнүн ата-энесинин колунда экен. Түркияда мага жумуш барбы десем “эч кам санаба, таап берем” деп ишендирди. Канча акча керектигин сурасам, “майда-чүйдөңө алсаң болот, тамак-аш, жатчу жериңди камсыздайм” деди. Карызга акча таап, Түркияга жөнөдүм. Корктум, бирок кыргыз эжеге ишендим.

“Бүгүн үйгө конок келет, даяр бол”

Чындап эле аэропорттон тосуп алды. Үйүнө алып келип меймандады. 8 жашар кызы менен тааныштым, күйөөсү реализатор болуп иштейт экен. Кечинде шаарды көрсөттү. Ошентип бир жума конок болдум. Бир күнү эртең менен чай ичип отурсак  “акыркы жолу качан жыныстык катнашка бардың эле” деп бир кызыктай суроолорду бере баштады. Уялганымдан “жок ай” деп жооп берип жаттым. Түштө “бүгүн үйгө конок келет, кабарың болсун” деди, көңүл бурган жокмун. Кечинде күйөөсү мен 45 жаштар чамасындагы зыңкыйган бир эркек кирип келди. Ракы (түрктөрдүн улуттук спирт ичимдиги) ичип таанышып отурдук. Ал түнкү саат 2лерде кетти. Үч күн өткөндөн кийин эже “үйдө олтура берип сыгылып кеттиң го, сага көңүл бурганга эч эле убактым болбой жатат, мурда күнү келген киши менен сейилдеп кел” деп калды. “Коюңузчу” дедим. Кызыгы тиги киши кечинде келди, барбайм десем болбой жиберди. Машинасына отурдум. Кайсыл жакка баратканбызды деле билбейм. Жолдо сүйлөшкөн жокпуз. “Эмне жейсиң?” дегенде, “билбейм, сизге жаккан жерге барып тамактаналы” дедим.

“Үйгө келбе, мейманканага бар”

Деңиздин жээгиндеги балык ресторанына алып барды. Тамактын түрлөрүн буйрутма кылды. Бир убакта “азыр келем” деп чыгып кеткен. Бир заматта гүл көтөрүп келип калса болобу. Аябай уялдым. Эжеге чалып “мунуңуз гүл берип  “подход” жасап жатат. Айтыңызчы, үйгө жеткизип койсун” десем, “иий макул, азыр бир аздан кийин чалайынчы, бошобой жатам” деп трубканы коюп салды. Чала түркчө сүйлөгөн жаным үйгө алып бар дедим. Акыры түшүндү окшойт. Үйдү көздөй жөнөдүк го десем чыныгы концерт жолдо башталды. Тиги эже чалып “үйгө келбе, мейманканага бар” деп туруп алды. “Эже, мен бул жерге эркек издегени келген жокмун” деп урушуп кеттим. Тиги киши дагы кайра-кайра аны менен сүйлөшүп жатты. Акыры үйгө таштап койду. Ыйлап кирип барсам, күйөөсү “кетсин” деп кыйкырды.

Акчамды алып коюшуптур

Жанымда 200 доллар акчам бар болчу, чемоданыма катып койгом. Эртеси билет алып кайра кетейин деп карасам жок. Эжеден сурасам “жок ай, жакшылап карачы” деп калп эле чогуу издемиш болду. Бир убакта күйөөсү келди. Акчамды таппай жатканымды айтса, кыйкырып “үйгө келип ичип-жегени, жашаганы аз келгенсип, бизди ууру деп жатабы” деди. Ошентип тыйыны жок калдым. Ыйлагандан пайда жок. Башымдан кайда барам деген ой кетпейт. Тиги эже келип “ата-энеңе чал же досторуңдан карыз алып жоголуп кет” деди. 

Мени күйөөгө сатыптыр

Айла жок, тиги кишиге чалып “Биз урушуп жатабыз. 200 долларымды алып коюшуптур. Мага карызга акча берип туруңузчу, үйүмө барганда салам” десем,  “азыр барам, ыйлаба” деп телефонду койду. Жарым саат өтпөй үйгө келди. Экөө “ага эмнеге чаласың” деп бир кызыктай болуп ары-бери басып, сарсанаа болуп жатты. “Силерди такыр түшүнгөн жокмун, кече эле ага салып берип жатпадыңар беле” десем “сен түшүнбөйсүң” деп эже ыйлап жиберди. Чемоданымды чогултуп чыгып кеттим.

Машинада баратып түрк байкеден эмне болгонун сурасам “Мени кечирип кой, туура эмес кылдым, баарын азыр билдим. Сарсанаа болбо, жата турчу жай алып берем, жеткидей акча таштайм” деп боор ооруп карады. “Аби, мага эч нерсенин кереги жок, болгону билетимди алып берсеңиз жетет” десем, эмнеге келгенимди сурады. Жумуш издегенимди айтсам, “түшүнүктүү” деп башын ийкеди. “Жумуш таап берем. Мен сен ойлогондой жаман киши эмесмин. Менин дагы кыздарым бар. Эч кабатыр болбо, болгону булар мага чоң акча карыз болчу. Бир ай мурун тиги эжең сүрөтүңдү көрсөтүп, “сиңдим, күйөөгө тийип ажырашкан, эки баласы бар, буга аябай акча керек болуп жатат. Бай эркек менен таанышат” деп айтып калды. Чындап элеби? — десем  “ооба, күндө сүйлөшүп турабыз, сени сурайт, сүйүп калыптыр” деп мени ишендирген.

Сүрөтүңдү көрүп мен дагы жактырдым. Күмөн санадым, бирок эжең “ой кыргыздын эркектери  жалкоо, аракеч, үй-бүлөсүн бакпайт. Азыр кыргыздын кыздарына тамак болсо эле болду, 70 жаштагыларга күйөөгө тийгенге даяр” деп убадалап жатканынан макул болгом. Көрсө менин акчамды бербөөнүн бир айласы экен” деди. Ачуумдун келгенинен “Эч качан жакшылык көрбөй кал, мага кылганыңды балдарыңа эки эселеп көрсөтсүн” деп каргап бараттым…

Уландысы

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм телефонун текшертпейт

Күйөөм телефонун текшертпейт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.