AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түркия: мигрант кыздын арманы

Түркия: мигрант кыздын арманы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жамалдын Түркияга келип иштеп жүргөнүнө 10 жыл болду. Бутка турам деген ниетин ишке ашыра албай жүргөнүнө кейийт. Өз башынан өткөн окуясын баяндап берди.

Саламатсызбы! Түркияга кантип келип калдыңыз?

Атам менен апам кичинемде эле ажырашып кеткен. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 18ге чыгайын деп калганда Түркияга кетип калдым. Бир четинен иштеп бутка тургум келди, экинчиден саякаттайм деген максатым бар болчу.

Азыркы учурда оор абалда экенсиз. Чоо – жайын айтып берсеңиз?

Жаңы келгенде бир айдай жакшы жүрдүм. Кудайга шүгүр, жумушум бар болчу. Кийин өзүмдөн улуу кыргыз, украинлык жана молдовалык кыздар менен таанышып, алардын чөйрөсүнө аралашып, бирге иштеп калдым. Күнүгө түнкү клубдарга барып эс алчубуз. Официанттар столубузга бекер ичимдик жана бир аз жер-жемиш коюп беришчү. Биздин максат — жасанып, клубка келген эркектерди алаксытуу. Таң атканда жанымдагы кыздар ар кайсы жигиттер менен кетишчү.

Сизди  “бул иште иштейсиң” деп ошол кыздар же клубдун кожоюндары мажбурлаштыбы?

Жок, өзүм тандадым. Мурунку иштеген жеримде акча аз төлөшчү. Кийин бир кемпирди бактым, жанымды кыйнагандан чарчадым. Бирок, туура эмес кылыпмын. Элестетиңиз, кылыктанып, назданып, эркекти сүйдүрчүбүз. Алар акча берип, тамак алып беришчү. Сойкулук эмес, кааласаң барасың, каалабасаң жок. Ошондо жаш экенмин (көзүнө жаш айланып), түз жүрсөм мындай абалда калбайт белем.

Эмне болгонун кененирээк айтып берсеңиз?

Ошентип жүрүп өзбек улутундагы жакшынакай бала менен тааныштым. Аны чындап эле сүйүп калдым. Экөөбүз 5 айдай сүйлөшүп, чогуу жашоону чечтик. Мамилеси абдан сонун болчу. Бир күнү башым айланып, өзүмдү башкача сездим. Жеке бейтапканага барып текшерилсем боюмда бар экен. Жигитиме кош бойлуу болуп калганымды айтсам, эч нерсе дебестен үйдөн чыгып кетти, ошол боюнча жоголду. Чалсам албайт, жазсам жооп бербейт. Курсактагы балам менен жалгыз калдым. Алдырайын десем акчам жок. Визам дагы бүтүп эшикке чыга албай калдым.

Мурунку кыздарга кайра аралаштым. Алар акча чыгарып төрөгөнгө жардам беришти. Ден-соолугума кайдыгер карап жүрө берипмин, төрөгөндөн кийин доктурлар толтура ооруларды таап чыгышты. Жашым өтүп калды, айла жок минтип баламды бакканга жана өзүмдү дарылаганга акча таап жүрөм.

Кыргызстанга кетейин деген оюңуз барбы?

Азыр мага акча керек. Ал жакта эмне жумуш кылмак элем. Ата-энем мени менен сүйлөшпөйт. Никесиз бала төрөгөнүмдү укканда, «келсең бизден жакшылык күтпө» дешкен.  Баламды чоңойтуп алсам, мүмкүн кайтып барам.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.4k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жигитиңиз минтсе коркпостон турмушка чыга бериңиз

Жигитиңиз минтсе коркпостон турмушка чыга бериңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.