Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма төрт жыл болду. Бир кыз, бир уулубуз бар. Бирок экөөбүз эч эле ынтымактуу жашай албадык. Негизги көйгөй – ал кыздар менен сүйлөшөт.
Мен аны өзгөртөм деп күтпөстөн, өзүмдөн баштадым. Өзгөрүүгө бардык күчумду жумшадым. Аны туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айткандарына ишенип жүрдүм. Ишеничим акталган жок. Төрт жылда үч ирет ажырашып-жараштык. Жарашалы, өзгөрөм, деп убада берет, анан кайра эле баягы кейпин киет.
Негизи бардыгы жакшы. Кайын журтум түшүнүктүү, кудалардын мамилеси сый. Болгону экөөбуз келише албай койдук. Балдарды карбайт, мен да каралаш, акча бер, бизди бак деп ага көйгөй жаратпайм. Эмне кылсам? Бирге жашоого аракет кылсамбы, же жашабай эле койгонум оңбу?
Ата-энем алимент кестир десе да көнбөй койдум. Бага турган киши ансыз деле карайт, деп.
Мага кеңеш бериңизчи?







