AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түнкү маек тууралуу

Түнкү маек тууралуу

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түнкүсүн сүйлөнүү адамдын өзүнө бир топ психологиялык ыңгайсыздык жаратат, анысы аз келгенсип айланасындагы уктап жаткан адамдарга дагы тоскоолдук кылат. Мына ушул түнкү маектин себептери жана алдын алуу жолдору тууралуу терапевт Гүлсана Бапаева айтып берет.

Сомнилоквия – бул адамдын уктап жаткан учурда эч нерсени сезбей сүйлөнүүсү, толук кандуу уйкунун бузулушу. Медициналык көйгөй деп айтса дагы болот. Сүйлөнүү учуру диалог же монолог түрүндө жүрөт. Кыйкырык, ызы-чуу, ый коштошу толук мүмкүн. Эпизод 30 секундга чейин созулат, бирок бир түндө бир нече ирээт кайталынышы толук ыктымал. Түндө сүйлөнгөнүн эртең менен албетте билбей калат.

Ким түнкүсүн сүйлөнөт?

Түнкүсүн маек кургандар бул тууралуу бир бөлмөдө жанында жаткандардан, жолдошу же жубайынын билишет. Алардын уйкусуна тоскоол болгонун айтып арызданышат, же түндөгү айткан күлкүлүү сөздөрүн айтып шылдыңдашат. Мындай реакциялар адамда коркунучту пайда кылат. Алар тааныштар менен бирге уктоодон, башка бирөөнүн үйүнө түнөп калуудан коркуп өздөрун ыңгайсыз сезишет. Көпчүлүк учурда уктап жаткан адамдардын сүйлөнүүсүнүн себеби түнкү коркунучтар жана тамактануунун бузулушу (уктаардын алдында ашыкча тамактануу).

Сүйлөнүү кайсы учурларда болот?

Түндүн баардык учурунда жана уйкунун баардык этабында болот. Уйку учурундагы сүйлөнүү порадоксалдуу өтө так, түшүнүктүү жана сүйлөмдүн байланышы болот. Сөгүнүү, урушуу, кыйкыруу болушу толук ыктымал.

Түнкүсүн сүйлөнүүнүн себептери:

  • Тукум куучулук. Эгер ата-энеси түнкүсүн сүйлөнсө анда балдары дагы сүйлөнөт, көпчүлүк учурда эркектерге өтөт;
  • Түнкү коркунучтар, апноэ, сомнабулизм, энурез жана уктоо алдындагы ашыкча тамактануу;
  • Уйкунун бузулушу;
  • Наркотик жана алкоголь;
  • Бөлмөдөгү жогорку температура, ысытма, алсыроо;
  • Аш кылууга оорчулук жараткан азыктар менен тамактануу;
  • Стресс, депрессия;
  • Психоэмоционалдык жана физикалык күч келүүлөр;
  • Баштагы жаракат;
  • Нервдик системанын иштешиндеги бузлуулар;
  • Мээдеги оорулар;

Түнкү маекти кантип токтотсо болот?

Түнкүсүн сүйлөнүү сизди кыжалат кылып тынчыңызды алса, өз алдынча сүйлөнүүнү азайтыңыз.

  • Уйкуну туруктуу кылуу жана толук кандуу уктоо;
  • Уктоо гигиенасын сактоо;

Төмөнкүлөрдөн алыс болуу:

  • Түнкүсүн тамеки чегүүдөн жана алкоголь ичүүдөн;
  • Курамында кофеин бар суусундуктардан күндүн экинчи жарымынан баштап алыс болуу;
  • Уктоо алдындагы ашыкча тоюп алуудан;
  • Чеги жок сары сана жана стресс болуудан;
  • Уйку алдында жаңы маалыматтарды көп окуудан жана андан кабардар болуудан;
  • Эмоцияны ойгото турган кино же берүүлөрдү көрүүдөн;
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жездем алимент төлөбөй жатат

Жездем алимент төлөбөй жатат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.