AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түндөсү ата-энемдин кумарга батканын угам. Эмне кылсам болот?

Түндөсү ата-энемдин кумарга батканын угам. Эмне кылсам болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Түндөсү атасы менен апасынын кошулуп жатканын уккан жаш окурмандын анонимдик катын жарыялайбыз.

» Мен 14 жаштамын. Кичинекей бөбөгүм бар. Атам куруучу, апам медайым. Шаарда батирде турабыз: эки кичиникей бөлмө, ортосунда эшик жок. Сиңдим экөөбүз ашканада уктайбыз. Кээде кечинде атам менен апамдын кошулуп жатканын угуп калам. Эртең менен ойгонуп, уккан үндөрдү эстеп, өзүмдү күнөөлүү сезем. Экөөнө сүйлөгүм келбей калат, аларды жийиркенип карайм. Эмне кылсам болот? Апама бул тууралуу айткандан уялам.» 

Адистер кеңеш берет

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Албетте, сени түшүнсө болот, себеби, али баласың, бул тууралуу ойлонуу жана айтуу сен үчүн жагымсыз.

14 жашта экенсиң, демек, ата-энең төшөктө эмне кылып жатканынан кабарың болсо керек. Бул жетилген сүйүү, бири-бирин жактырган адамдар ортосунда болот, ата-энең бири-бирин сүйөт, бири-бирин кумарга батырат. Анын негизинде балдар төрөлөт, сен жана бөбөгүң ошентип пайда болгонсуңар.  

Чоңойгондо сенда бирөөнү табасың, силерде да сүйүү мамилеси болот. Ата-энең уят иш кылып жаткан жок. Батириңердин кичинекейинен, муну угууга мажбур болдуң. Бой жетип келатасың, балким, ошол себептен бул нерсе сени кабатыр кылууда.

Болгон окуяга жайбаракат жана юмор менен мамиле кыл, ал чоңдордун иши. Азырынча кичинекейсиң, ата-энеңдин уктоочу бөлмөдө жасап жаткан аракеттеринин сага тиешеси жок. 

Ооба, ата-энең бири-бири жакшы көрөт, ортолорунда ынак мамиле бар. Эгер сен ата-энең үчүн бул табигый нерсе экенин түшүнсөң, түн ичинде ойгонбой, коркпой, жийиркенбей, уялбай каласың. Алар ар дайым сени сүйөт жана ата-энең бойдон калат. 

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүң менен! Албетте, бул сен үчүн жагымсыз жагдай, өзгөчө, муну ата-энең менен ачык талкуулоо мүмкүн эмес экенин эске алсак.

Сексуалдык жашоо —  ата-энеңдин жеке иши. Мунун баарын угуп, кыжалат болуп уялып, алардан жийиркенип жатканыңа боорум ооруйт.

Ата-энеңе, түндө ызы-чуу болуп, уктай албай жатканыңды айтып, бөлмөлөрдүн ортосуна эшик коелу деп суранып көр. Кыязы, ата-энең кыйытып айтып жатканыңды түшүнсө керек. Дагы бир вариант, наушник менен музыка угуп уктасаң болот.

Интимдик  жашоо — бул табигый көрүнүш, эки адамдын бири-бирин сүйүшү. Бой жетип, сүйүүңдү тапканда, жыныстык жашоонун болушу — бул жакшы мамиленин жышааны экенин түшүнөсүң. Ийгилик каалайм!

Сексолог жана психотерапевт Илья Комаровер бала менен интимдик темада кантип сүйлөшүү керек экенин айтып берди.

  • Балаңар сексуалдык жашооңорду көрүп калса, кыйкырып, урушуунун кереги жок. Өзүңөрдү колго алып, демиңерди басып, тынч тон менен сүйлөгүлө.
  • “Сен али кичинекейсиң”, “бул чоңдордун иши”, “эмнени түшүнмөк элең, бар укта” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, баланы жоопсуз калтырбагыла.
  • Калп айтуунун же көркөмдөп апыртуунун кереги жок. Бул нерсе бири-бирин сүйгөн адамдар ортосунда болоорун, балдар ушинтип жаралаарын жөнөкөй тил менен түшүндүргүлө.
  • Балдар муну көргөндө кандай сезимде болгонун сурагыла, суроо берсе ачык жооп бергиле, унчукпай койсоңор, бала сексти – уят жана өтө эле кызыктыруучу бир нерсе катары кабыл алып калат.
  • Эгер бала менен ата-эненин ортосунда ишенимдүү мамиле болсо, ата-эне баланын жыныстык суроолоруна убагында жана сылык жооп берсе, сырт тараптан келген терс жана туура эмес маалымат балага көп таасирин тийгизе бербейт, себеби анын өзүнүн даяр позициясы болот. Балдардын секс деген эмне деген суроосуна, бири-бирин сүйгөн адамдардын ортосундагы тыгыз байланыш экенин айткыла.
Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Дүйшөнкул Шопоков кайсы дивизиянын курамында эле? Акылдуулар үчүн тест

Дүйшөнкул Шопоков кайсы дивизиянын курамында эле? Акылдуулар үчүн тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.