AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча суроолорго жооптор

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча суроолорго жооптор

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кандай документтер керек? Канча сом кетет? Ата-эненин паспорту же төрөт үйүнүн тактама жок алса болобу? Бул жана башка суроолорго Биринчи Май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Канышай Атакулова жооп берди.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн керектүү документтер?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн негизги документтер топтому:

  • Баланын туулгандыгын тастыктаган медициналык тактама (төрөт үйүнөн, же эне жеке менчик клиникаларда көз жарса, ошол жерден берилет);
  • Ата-энесинин паспорту (жалгыз бой болсо, бирөөсүнүн паспорту);
  • Нике жөнүндө күбөлүк (нике расмий түрдө катталган учурда талап кылынат).

Канча сом кетет?

КРнын мыйзамдары боюнча  күбөлүктү бала төрөлгөндөн баштап бир ай ичинде алуу керек. Ата-эне документтер топтомун чогултуп көтөрүп келет. Биз туулгандыгы тууралуу актыны каттап, төлөм кодун берип банкка жөнөтөбүз. Банк кызматы үчүн 10 сом алат, бланкка 44 сом төлөйт.

Демек, жалпысынан туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга 54 сом кетет.

Кошумча акча сураса кайда кайрылса болот?

Эгер кызматкерлер дароо бүтүрүп берүүнү сунуштап, же башка себептерди айтып кошумча акча сураса мамлекеттик каттоо кызматынын 119 колл-борборуна байлынышка чыгуу керек. Биз окуянын чоо жайын иликтеп, тийиштүү чара көрөбүз.

Белгиленген убакыт ичинде күбөлүк албаса эмне болот?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бир ай ичинде албаса 1000 сом айып пул салынат. Учурда, пандемиянын айынан өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу 26-февралдан бери төрөлгөн балдар үчүн убагында күбөлүк албаган ата-энелерге айып пул салына элек. Бирок, мыйзам боюнча бир айдан өтүп кетсе 1000 сом айып пул салынарын, жогорудагы жагдай убактылуу гана экенин унутпашыбыз керек.

Төрөт үйүнөн берген маалымкатты жоготуп алса эмне болот?

Төрөт үйүнөн алган тактаманы жоготуп алганда кабатыр болуунун кереги жок. Кайра төрөт үйүнүн администрациясына барса, алар эмне кылуу керектигин айтышат. Мисалы, ЖААК бөлүмдөрүнөн бала каттала ала элек деген маалымкат алып келүүнү өтүнүшөт. Ошонун негизинде кайра калыбына келтирип беришет.

Балага атасынын макулдугу жок атасынын фамилиясын жаздырып койсо болобу?

Мыйзам боюнча баланын атасынын уруксаты жок, атасынын аты-жөнүн жаздырганга болбойт. Мисалы, баланын ата-энеси расмий никеде турбайт, энеси жалгыз бой дейли. Баланын апасы атасынын аты-жөнүн жаздыргысы келет. Бирок, баланын атасы өзү келип, баласы экенин таанып, фамилиясын берүүгө макул экендиги боюнча арыз жазышы керек. Болбосо, атасынын макулдугу жок, жазып бере албайбыз.

Баланын атасы келип фамилиясын жаздырат деп күтүп жүрө берген дагы болбойт. Бала эмдөө алыш керек, ал эми бул үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк керек. Ошондуктан, баланы энеси өз атына каттап койсо болот. Болгону күбөлүктө атасы деген графа бош калат.

Баланын апасы жок болуп калса кандай болот?

Мындай учурда баланын камкорчулары факт жүзүндө жашаган жери боюнча социалдык башкармалыктарга барып кайрылат. Башкармалыктар өздөрүнө керектүү документтерди чогултуп бүтүп, бизге өтүнүч жөнөтөт. Алардын өтүнүчүнүн негизинде баланы каттап беребиз.

Бала үйдө төрөлсө төрөт үйүнөн маалымкатты кантип алса болот?

Төрөт үйүнөн тактама жок туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт. Эгер бала үйдө төрөлүп калса, баланын ата-энеси социалдык башкармалыктарга кайрылат. Ал жактын кызматкерлери баланын туулгандыгын тактоо үчүн сотко кайрылышат. Сот чечим чыгарып берип, чечим күчүнө киргенден кийин ата-эне ЗАГС бөлүмүнө келип, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышат.

Баланын же ата-энесинин аты-жөнү күбөлүккө туура эмес жазылып калган учурда кандай кылыш керек?

Шашып жаткан учурда биздин кызматкерлерден же ата-энеден ката кетип калат. Мындай абалда арыз кабыл алып, чындап эле туура эмес жазылганын тактап бүтүм чыгарабыз. Ошонун негизинде оңдосо болот. Эгер жаңы төрөлгөн бала эмес, чоңоюп калгандан кийин ката бар экени байкалса, анда дагы арыз кабыл алып, баарын изилдеп чыгабыз. Талаш-тартыш учур болуп, оңдой турганга негиз жок болуп калса, анда экинчи тарапты сотко жиберебиз.

Башка өлкөдө төрөлгөн балдар кайра Кыргызстандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алса болобу?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк балага бир эле жолу берилет. Мисалы, Россиянын документин алып, кайра Кыргызстанга келип башка алганга болбойт. Чет өлкөдөн алган күбөлүк менен деле кадимкидей жүрө берсе болот, анын деле юридикалык күчү бар. Ошол эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бейтапканаларга барып, эмдөөлөрдү, кийин паспорт алалат.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жоготуп алса эмне кылуу керек?

Мурда жоготуп алган күбөлүктү алуу үчүн өзү катталган жерине барыш керек болчу. Учурдагы мыйзам боюнча, каалаган жерден, каалаган ЗАГС бөлүмүнө кайрыла алат. 18 жашка чейинки баланын күбөлүгү жоголсо, ата-энесинин бирөөсү паспорту менен келет. 18 жаштан кийин жаран өзү келет же өзү келе албаса, нотариалдык жактан ишеним кат жазып өкүлүн жөнөтөт.

Атасынын же энесинин күбөлүктө жазылган фамилиясын өзгөртсө болобу?

Мурда жалгыз бой эне болуп катталып, балага таятасынын фамилиясын берип койду дейли. Кийин күйөөсү менен жарашып калса, же атасы бул менин балам деп аталыкты тааныса, анда кайрадан атасынын атын жаздырса болот.

Баланын апасынын паспорту жок болсо күбөлүк алалабы?

Баланын энесинин эч кандай документи жок болсо, төрөт үйүнөн алынган тактаманын негизинде балага “выписка” жазып беребиз. “Выписканын” күчү бала бир жашка чыкканга чейин жетет. Бир жылдын ичинде эне паспорт алсын, бала эмдөө албай калбасын деген негизде баланы убактылуу каттап турабыз. Бир жылдан кийин «выписка» күчүн жогот. Андыктан, бул мөөнөт ичинде апасы паспорт алганга жетишип калышы керек.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кашардан тапкан сүйгөнүм мени таштап Россияга кетип калды

Кашардан тапкан сүйгөнүм мени таштап Россияга кетип калды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.