AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Туугандарым мени карыды

Туугандарым мени карыды, эми ажырашкан кишиге чыгат деп ойлошуптур

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Алгач экөөбүздүн таанышкан күнүбүз тууралуу айтып берейин.  

Кошунабыздын дөбөттөй болгон ити бар. Ар дайым көчөдөн өтүп баратсам дубалдан башын чыгарып алып үрөт. Ушу бир күнү бошонуп кетпесе экен, деп ойлом койчумун. Оозуман таптым.

Туфлимди бир жакка, сумкамды бир жакка ыргытып, этегимди көтөрүп алып чоң жол жакка багыт алдым. Артымдан күрсүлдөп тиги ит келатат. Бир убакта машина токтоп, жаш жигит эшигин ачып “отур” деди. Эшикти тарс жабарым менен иттин мурду терезеге жабышты. Кудай сактады!

Корконумдан өзүмдү кармай албай, кошунамды кошуп итти сөгүп кирдим. Жанымдагы тиги жигитти унутуп деле калыпмын.

— Сен ал итке рахмат айтышың керек.

— Эмнеге рахмат айтат экенмин! Бутумду жулуп алса эмне болмок?

— Ал сендеги жашыруун таланты ачып бербедиби.

— Эмне талант?

— Мыкты чуркайт экенсиң. Атлет болчудайсың.

Каткырып кирдик. Кайра артка барып туфлим менен сумкамды издедик.

Телефон номеримди сурайт го десем, сураган жок. Жумушума таштап коюп узап кетти. Келишимдүү, оор басырыктуу жигит болчу. Сураса берет элем. Эх, макул, деп кол шилтегеним менен ичим жаман болду. Ошол күнү жарытып деле иштей алган жокмун.

Кечинде үйгө баратсам кошунам сыртта мени күтүп туруптур.

— Кечирип кой.

— Итиңиз мага асылганын кайдан билдиңиз?

— Бир жигит келип айтып кетти. “Катуурак байлап коюңуз”,- деп иттин мойнуна атайын жип ала келиптир. Ал кимиң болот?

— Жигитим.

Эмнеге антип айтканымды өзүм деле түшүнбөй калдым. Ушунчалык сүйүндүм. Көрсө, бирөө сага кам көрсө башкача сүйүнөт турбайсыңбы.

Эртеси жумушка баратсам, жолдун боюнда күтүп туруптур.  

Болочок күйөөм менден алты жаш кичүү экенин билген туугандарым чалкасынан кетишти. “Эл эмне дейт” , “өзүң теңдүү таппай калдыңбы”, “эркек болсоң бир жөн, аял башың менен жаш жигитке чыгасыңбы”, “аның сенин акчаңа кызыгып жатат”, “эртең эле жаш бирөөнү таап кетет” ж.б.

Мени эң таң калтырганы, тайкемдин сөзү болду: “Сени жашың деле отуздан өтүп калды, чыкса ажырашкан кишиге эле чыгат, деп ойлогонбуз.”

Жигитиме барып баарын айтып бердим. “Экөөбүз баш кошпой эле коет окшойбуз”,-деп ыйладым. Унчукпай мени угуп турду. 

— Мен сени сүйөм, сенчи?

— Мен дагы.

— Ушул убакка чейин көңүлүңдү оорута турган иш кылдымбы?

— Жок.

— Сага кылган мамилем жагабы?

— Жагат.

— Менин жанымда өзүңдү коопсуз сезесиңби?

— Ооба.

— Сен эл менен бактылуу болосуңбу же мени мененби?

— Сени менен.

— Анан эмне үчүн элдин сөзүн угуп жүрөгүмдү оорутуп жатасың.

— Алар баары бир мени таштап кетериңди айтып жатышпайбы?

— Мен сага сени таштап кетиш үчүн эмес, өмүр бою жаныңда болуш үчүн үйлөнүп жатам. Мен үчүн үй-бүлө куруу бул оюнчук эмес, чоң жоопкерчилик. Ошол жоопкерчиликти көтөрө аларыма ишенип сенин колуңду сурадым. Булардын баарын айтпай эле, иш менен далилдейин дегем. Бирок, биринчи жана акыркы жолу айтып коен. Сага сөз берем, мыкты күйөө, мыкты ата болом. Ыйласаң дагы, күлсөң дагы колуңду бекем кармап турам. Сен болгону мага ишен. Анан элдин сөзүн эмес жүрөгүңдү угуп иш кылууга убада бер. 

Мурдумду тарттым, ийнине башымды жөлөдүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Түндө ойгонуп жанымда жаткан күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Түндө ойгонуп жанымда жаткан күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.