AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Туугандарым "эр албаган кыз" дешкенде өзгөрдүм

Туугандарым «эр албаган кыз» дешкенде өзгөрдүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, Bilesinbi.kg! Бүгүн сени менен ой бөлүшкүм келди. Балким, менин катым айрым кыздарга чоң сабак болуп калат. Буга чейин эле жазайын дегем, бирок ал кезде мен башка элем. Азыр такыр башкамын. 

Мен шаардагы салондордун биринде макияж жасап иштейм. Буга чейин банкта иштейт элем. Бирок мага ал кесибим жакчу эмес. Кыялымдагы кесипти аркалагым келчү. Визажист болгум келчү. Ата-энемдин каршылыгына карабай, акыры бул тармакка өтүп кеттим. Бактылуу элем.

Жактырган жумушуңдан гана ырахат алат экенсиң. Күн сайын жумушума шашып барам. Кардарларым көбөйдү. Акча жакшы таба баштадым. Атама машина алып бердим. Апамды Түркияга алып бардым. Ак эмгегим үзүрүн бере баштады. Бирок, менин артыман ушак айтып, бул мээнетимди жокко чыгарган туугандар пайда боло баштады. 

Айылдагы тууганыбыздын тоюна барганбыз. Конокторду узатып, баары чай ичип отурушкан. Анан эле мени сөз кыла башташты. 25тен өтүп калганымды айтып, таап жаткан акчамды кирдетип, эр албаган кыз да дешти. Ошондо жарылдым.

«Мен эмне силерден акча алып жатамбы? Мени силер багып жатасыңарбы? Колуңардан келбей, анан мени көрө албай сөз кылганыңар туурабы? Дагы бир ирет менин дарегиме сөз айтчу болсоңор, башкача сүйлөшөм. Мени жаман жол менен акча таап жатат дедиңер, кайсы арыңарга ошону айттыңар? Атама машина алып берсем, туугандай болуп колдобой, кайра бирөөсү бар да дедиңер. Мен силердей ушакчы эмесмин. Мен өз эмгегим менен акча табам. Силердей туугандардын барынан жогу жакшы. Эр албайт деп, эрге тийген силер бактылуу жашап жатасыңарбы? Жигитим бар, буйруса баш кошобуз, ошондо силерди чакырбайм.» 

Дагы өп сөздөрдү айттым. Буга чейин коркуп жүрө берчүмүн. Эмнеге корком десеңер, э? Атам менен апам унчукпады. Жол бою үнсүз бардык. Эртеси шаарга чыгып кеттим.

Жолдон атаман СМС келди. «мен сени менен сыймыктанам кызым.»

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
«Айыл Банк» “Жылдын банкы” деп табылды

«Айыл Банк» “Жылдын банкы” деп табылды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.