Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз эки жыл мурун ажырашканбыз. ЗАГС кыркыла элек, жообуңду бердим деп койгон. Ортобузда эки кызыбыз бар. Бир топ убакыттан кийин бир жигит менен тааныштым. Ал дагы мурун үйлөнүп ажырашкан экен. Экөөбүз баш кошолу деп турабыз. Эки кызымды мурунку күйөөм тартып алып койбойбу? Алар ата-энемдикинде калса боло береби?







