Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 2,5 жыл болду. Бардыгы кудайга шүгүр, балабыз бар. Бирок, мен күйөөм менен кошулгандан корком. Ошол учурда катып туруп калам, же болбосо түртүп салам. Айына 1-2 жолу эле кошулабыз, анда дагы “болдубу”, “бүттүбү” – дей берем.
Мен өспүрүм кезимде жеңем нике түнү жөнүндө айтып берип, бычак менен эле сайгандай болот экен, деген. Ошол сөздөрү эч эсимен кетпейт. Күйөөм барган сайын мага көңүлү сууй баштады.
Эмне кылышым керек? Мага кеңеш бергилечи?
Алдын ала рахмат.







