Саламатсыңарбы. Мен өзүмдүн биринчи сүйүүмдү унута албай келем. Экөөбүз бири-бирибизди абдан сүйчү элек. Тагдыр экен, бирге боло алган жокпуз. Азыр анын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Мен да турмушка чыккам, балалуу болгонбуз. Күйөм жакшы киши.
Бирок арадан ушунча жыл өтсө да, биринчи сүйүүмдү унута албай койдум. Мага жардам бергилечи? Кантип унутсам болот?







