AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Турмуш курардан мурун сөзсүз бул нерсени билип алыңыз

Турмуш курардан мурун сөзсүз бул нерсени билип алыңыз

23 апреля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Оlolo коворкинг тармагынын түзүүчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев эмнеге башында үйлөнгүсү келген эмес экенин айтып берди. Сонун маалыматты сактап алыңыз. 

18 жашымда Лев Толстойдун «Крейцерова соната» повесттин окуп калдым. Баарыңыздарга бул чыгарманы сунуштайм. Дүйнө таанымыңызга, деги эле бүткүл жашооңузга таасир бере турган сонун повесть. 

Окуяма кайтып келсем, китепти окуп бүткөн соң, Бетховендин «Крейцерова» сонатасын уктум. Анан «Эч качан үйлөнбөйм!» деген чечимге келдим. Албетте, досторум күлүп, ишенишкен жок. Атүгүл бир досум менен мелдеше да кеттик (бир ящик шарапка). Ал мен жакшынакай эле болуп үйлөнөрүмдү, атүгүл балалуу болорумду айтты. А мен үйлөнсөм дагы, балалуу болбойм дедим. 

Мен жеңилдим. Үйлөндүм, бир эмес, үч балам бар. Бул чечимиме эч өкүнбөйм. Баса, досума шарапты төлөп бере баштадым.

Эмнеге өкүнгөн жокмун? Эгер башында «үйлөнбөйм», «балалуу болбойм» деген установкаларым жок болгондо, анда бул нерсе өзүнөн-өзү автоматтык түрдө ишке ашмак. Айталы, баарынын «үйлөнүш керек», «балалуу болуш керек» деген сөзүнө кирип эле үйлөнүп алмакмын. А мен болсо бул нерсе аң-сезимдүү түрдө келдим. 

Келинчегим экөөбүз турмуш курардан мурун бири-бирибизди жакшылап текшердик, терең ойлондук, туура кадам экенине көзүбүз жеткенде гана бирге болуу чечимин кабыл алдык. 

Мен каалабаганым үчүн, баары сонун болду. Эгер мен каалаган болсом, анда башкача болмок.

Келиңиз, эми бул көрүнүш Кыргызстанда кандай экенин карап көрөлү. Негизинен  көпчүлүк жаштайынан эле сөзсүз турмуш куруп, болушунча көбүрөөк балалуу болуш керек деп ойлошот. Бул жерде чечим канчалык түрдө аң-сезимдүү негизде жасалып жатканында күмөн бар. 

Келинчегим Айнураны жолуктурбасам, үйлөнбөйт деле болушум керек. Азыр анын жанымда болушу менен жашоом канчалык толукталып жатканын сезип келем. Бул сезимди башкадан тапкан эмесмин. Дал ушул сезим турмуш керекпи же жокпу дегенге сонун критерий болуп берет.

Эгер ал адамдын жанында өсүп-өнүксөңүз, учурдагыдан да жакшы жакка өзгөрсөңүз, бул нерсени өзүңүз үчүн гана эмес, ал адамга татыктуу болуш үчүн дагы жасаш керек экенин сезсеңиз, анда турмуш куруу чечимин кабыл алсаңыз болот. Бул критерий «жашоону никесиз деле жашап өтсө болот» деген ишенимиңиз менен айкалышканда жакшы иштейт. 

Алгач никесиз жашай аларыңызга ынансаңыз, кийин ансыз болбойт дегенде гана бул чечимди кабыл алсаңыз, сонун формуланы колдоносуз.  

Пастернактын сөзү менен жыйынтыктагым келди: Ыр жаза албасаң жазба, чыныгы поет ансыз жашай албай турган нерсесин гана жасайт. Бул жашообуздагы ар бир аракет үчүн сонун критерий деп ойлойм. Кошуласызбы?

Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул окуядан кийин келинчегимди көп кучактачу болдум

Бул окуядан кийин келинчегимди көп кучактачу болдум

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.