AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тоюмда алты киши менин атам экенин айтып чыгышты

Тоюмда алты киши менин атам экенин айтып чыгышты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Эже, тамада, сүрөтчүлөргө айтып коюңуз, ата-энемди сурашпасын.» Ошентип көптөн күткөн той күнү келди. Сүйүктүүм экөөбүз баш кошуп жатабыз. Ак көйнөгүмдү кийип алып, күзгүнүн алдында турам. Өзүмдү ушундай жалгыз сездим. Аттиң, ата-энемдин көзү тирүү болгондо…

Мен ар кимдин колунда өстүм. Эки эжем менен жайында гана көрүшчүбүз. Үчөөбүз ал күндү аябай күтөт элек. Ананчы, ата-энебиз каза болгондон кийин туугандары бизди бөлүп алган. Мен тайкемдин колунда калдым.

Ишенесиңерби, тайкем менен жеңем мени өз балдарынан дагы жакшы көрүшчү. Анын айынан балдары мени батырышпайт эле. Апасы же атасы жокто далай жолу ыйлатышат. Бирок, мен баарына чыдадым. Ата-энемди сагынып ооруган күндөрдө тайкем өз колу менен тамак берсе, жеңем бутумду ушалап отурат эле. Мен сүйүүгө бөлөнүп жашадым. Ошентсе дагы, бир туугандарымды, чогуу отуруп чай күндөрдү унута албадым.

Эжелерим турмушка чыгып кетишти. Сонун жезделерим бар. Эми минтип мен өз теңимдин колун кармаганы турам. 

ЗАГС. Сүрөтчү «эми кыз ата-энеси менен түшсүн» десе болобу. Күлүп-жайнап жүргөм. Дароо маанайым бузулду. Аны күйөөм байкай калып, «жалпы туугандар» деп абалды оңдоп кетти. Көз жашымды араң кармадым. Күйөөм күйпөлөктөп улам мени карап, колумдан сылап коет.

Экинчи ирет тамада жарама туз септи. Конокторго кызды атасы жетелеп келет деп жарыя кылса болобу. Сыртта турган жаным шолоктоп кирдим. Ошол маалда ичинен тайкем, эки жездем, болочок кайын атам, чоң атам, таятам чыгышты. Мени жетелеп алып киришти. Баары туруп кол чапты. Өзүмдүн ушундай бактылуу экенимди билдим. Баарына ыраазы болдум. Тамада кыздын атасы ошондо ким экенин сураганда, алтоо тең «мен» дешти. 

Ооба, ата-энесиз калган айрым балдардын тагдыры оор болот. Бирок, бактылуу адам экенмин. Мени өз кызындай көргөн туугандарым көп экен. Бир үйдөн мээримге толуп чыгып, экинчине кирдим. Кайын атам, күйөөм, кайын энемдин мага болгон сыйын, мамилесин көрүп ыраазы болгонумдан ыйлагым келет. Ушундай жакшы адамдарга татыктуумунбу дейм. Мен бактылуумун.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Көлгө болгон сапарда кайын атам менен кайын энемдин ким экенин билгизди

Көлгө болгон сапарда кайын атам менен кайын энемдин ким экенин билгизди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.