AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ТОП-5: Күлүктөр үчүн пайдалуу тиркемелер

ТОП-5: Күлүктөр үчүн пайдалуу тиркемелер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Чуркоо – жеңил атилетикалык көнүгүүлөрдүн бир түрү. Чуркаган адамдын муундары, байламталары чыңалып, ден-соолугу жакшырат. Күлүктөр машыгуусун көзөмөлдөп туруу үчүн Bilesinbi.kg ТОП 5 чуркоого арналган тиркемелерди сунуштайт. Бул колдонмолор фитнес браслети сыяктуу эле ыңгайлуу.

1. Runtastic

Бул программа Android жана iOS системасы үчүн арналган. Чуркоо учурунда ар кандай сунуштарды берип, машыгуунун статистикасын көрсөтөт. Мындан сырткары кыймылыңызды узак убакытка көзөмөлдөп тура алат. Тиркемеден чыкпай туруп Google Play Music же Apple Music ти башкара аласыз. «Runtastic» ти көчүрүү бекер. Акылуу дагы контенти бар.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөлдөйт;
  • Машыгуудагы кеткен калориянын санын каттайт;
  • Машыгуу күндөлүгү, чуркоо тарыхы;
  • Чуркоо үчүн плейлист;
  • Эң жогорку ылдамдыкты жана темптин жайлашын анализдейт;
  • Максат коюу мүмкүнчүлүгү;
  • Жетишкендиктерди социалдык тармактарга бөлүшүүгө уруксат берет.

2. NIKE+  

Бул колдонмо Android жана iОS системасындагы смартфондор үчүн бекер. Тиркеменин ичине Google Play Music жана Apple Music тин менюсун түзүп алууга болот. Үн аркылуу канча аралык, кандай темп менен чуркаганыңызды жана койгон максатка жетүүгө канча калагынын айтып турат.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, чакырымды, темпти жана ылдамдыкты аныктайт;
  • Чуркап өткөн аралыкты жана башка функцияларды үн билдирүүсүнө ырастап алса болот;
  • Ылдамдыкка, аралыкка жана башкага максат коюп алууга мүмкүн;
  • Машыгуу учурунда тиркемеден чыкпай туруп музыка укса болот;.
  • Социалдык тармактарга бөлүшүү;
  • Чуркоо күндөлүгүн толтуруу.

3. RunKeeper

Күлүктөрдүн арасындагы эң популярдуу тиркеме. Үн аркылуу жардам берип, кандай ийгиликтерди багынтып жатканыңызды айтып турат. Ошондой эле чуркап өткөн аралыкты картадан көрсөтүп, социалдык тармактарга бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Аба-ырайын көзөмөлгө алып, бир жумалык чуркоо планын түзүүгө болот;
  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөлдөйт;
  • Картадан көрсөтүп берет;
  • Машыгуу максатын коюуга мүмкүнчүлүк;
  • Бардык график жана көрсөткүчтөрү менен чуркоо күндөлүгү;
  • Машыгууңа, физикалык абалыңа жана түзгөн графигиңе жараша кеңештерди сунуштайт.

4. Zombies, Run! 

Өзгөчөлүктөрү:

  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты эсептейт;
  • Миссия тандоого жана максат коюуга мүмкүн;  
  • Машыгуу күндөлүгү;
  • Музыка же драматикалык эффект тандоого болот. 

5. Rock my run 

«Rock my run» Android  жана iPhone системасындагы телефондор үчүн бекер. Тиркеме рок музыкаларына толгон. Чуркоо ылдамдыгыңа, жүрөгүңдүн согушуна жараша плейлист коюп алса болот. Мунун жардамы менен темп менен ритмди сактай аласың.

Өзгөчөлүктөрү:

  • Максат коюу;
  • Убакытты, аралыкты, темпти жана ылдамдыкты көзөмөл кылуу;
  • Чуркоо темпи жана ритмине жараша музыка тандоо;
  • Машыгуу күндөлүгү.

«Күчтүү болгуң келсе — чурка, сулуу болгуң келсе — чурка, акылдуу болгуң келсе — чурка!»

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны

Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.