Саламатсызбы! Силерге жазаардан мурун көп ойлондум. Туура кылып жатамынбы, жокпу билбейм. Менин жашым 21де. Былтыр колледжди бүтүргөнмүн. Кыздын үйү кербен сарай дегендей, кааласаң да каалабасаң да үйгө тууган-урук, дос, тааныш-билиш келип, бардыгы мага күйөө издөө менен убара.
Мага айта турган сөзү, менден сурай турган суроосу бир: “Турмуш чык!” “Качан күйөөгө тиесиң?”. Андан кийин “аны көр”, “муну көр”, “таанышып көр”, “сүйлөшүп көр”.
Өзүм эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Турмушка чыккандан корком. Себеби, менин көкүрөгүм кичинекей. Элестеткиле, мени сүйүп, алган бир жигит, эртеси көкүрөгү кичине экен, деп жактырбай калсачы?
Өзүмө да ишенбейм, көп ойлонуп, сыгыла берем. Мага кеңеш алып бергилечи.







