AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төштү чоңойтуу эми көйгөй эмес

Төштү чоңойтуу эми көйгөй эмес

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кээ бир айымдар көкүрөгүнүн кичинекейинен тартынып, өзүн ыңгайсыз сезет. Абалдан чыгуу үчүн пластикалык хирургга барууну чечет. Бирок акыркы чечимди кабыл алууга коркунучтары тоскоол болот. Белгилүү пластикалык хирург, Саламаттыкты сактоонун отличниги Искен Качкинбаев окурмандардын суроолоруна жооп берип, маммопластика тууралуу маалымат берди.

Турмушка чыга элек кыз имплантант салдырса болобу? Кийин бала эмизгенде терс таасири тийип калбайбы?

— Имплантант төш безге салынат деп айтылат. Бирок имплантант деген  чоң төш булчуңунун аркасында турат. Ошондо ал кабырганын үстүндө төш безди алдыга жылдырып эле коет. Төш безди чоңойтуу боюнча дүйнө жүзүндө 3 миллионго чейин операция жасалат. Бул көрсөткүчтүн 3/2 бөлүгү турмушка чыга элек кыздар. Кийин бала эмизгенге эч кандай зыяны жок. Менден жасаткан бир кыз кийин турмушка чыгып, төрт баланы эмизди.

Имплантант салдыргандан кийин спорт менен машыкса болобу?

— Болот, менден бир топ спортчу кыздар жасатып кетишкен. Казакстандын фитнес боюнча чемпион кызы дагы келген. Спорт эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

Силикон салдырып төштү чоңойткондон кийин аны дайым коррективден туруу керекпи?

— Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра оңдоонун зарылчылыгы жок. Биринчи жасатып жатканда өз ишин мыкты билген адиске кайрылып, сапаттуу имплантант салдырса, түбөлүккө жүрө берет.

Имплантанттын зыяны барбы?

— Биз ымыркайларга упчу берип жатканда зыян деп ойлонбуз. Ошол силикон упчуну бала соруп эки-үч айда ичкертип коёт. Анын баары кайда кетти десеңиз, албетте денесине сиңирилди. Демек, бала силикондон эч кандай зыян албагандан кийин, чоң кишилерге дагы терс таасири жок. Эмне үчүн дегенде силикон кремнийден жасалат. Ал деген инерттик материал. 

23 жаштамын. Төшүм кичинекей, бирок апамдыкы чоң. Имплантант салдырайын дегем же апамдыкын тартып өсүп калышы мүмкүнбү?

— Ошол өсүп калуудан бир аз чочуш керек. Эмне үчүн дегенде, төрөй элек кезде төш бездин 20 % без, 80 % май, төрөгөндө 80% без, 20% май болот. Майлар сүт бездери менен басылып жоголот. Жаратылыш эрежелерине ылайык  эмизгенден кийин, төш без кичирейиш керек. Эгерде чоң бойдон калып калса онкологияга барып текшертүү керек.

Өзүм толук кызмын, бирок төшүм кичинекей. Имплантант салдырып чоңойтсом кийин арыктаганда төшүм шалбырап калбайбы?

— Алгач арыктап алыңыз. Эч эле салмактан арыла албай жатсаңыз, липосакция жасатыңыз.

Төшкө имплантант салбай эле денедеги ашыкча майды алып, куюп койсо болобу?

— Мурунку “ичимдеги майды алып, бул жерге куюп койсо” деген жомок азыр ишке ашканына көп болду. Липосакция кылып алынган ашыкча майларды хирургдар таштабай калган. Жамбашына, төшүнө ийне сайып көчүрүп коет. Май деген май бар жерге көнүп жашап калат. Айта кетейин, төш бездин өзүнө май куйбайт. Тушуна, аркасына, сыртына, теринин астына куят.

Мен өзүм арыкмын. Төшүмө май куйдуруу үчүн башка адамдын майын алсам болобу?

— Жок, ар бир адамдын өзүнүкү керек. Кээде мага дагы сизге окшогон арык кыздар келет. Алар салмак кошуу үчүн жарым жыл же бир жылдай таттуу токочторду жешет. Анан кадимкидей семирип келишкенде, майын көчүрүп коёбуз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Соттор акыйкатсыз экен

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.