AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төшөктөгү муздак айымдар. Сексолог айтып берет

Төшөктөгү муздак айымдар. Сексолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жыныстык жашоодон кумар алып, таттуу ырахатка балкып жашоо-бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жыныстык катнашка барууга болгон каалоо төмөн же толугу менен жок болсо эмне кылуу керек? Психотерапевт жана сексолог Илья Комаровер айымдардын төшөктөгү муздактыгы тууралуу айтып берди.

Фригиддүүлүк-акыркы диагноз

“25 жаштамын. Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. 2 кызым бар. Менин көйгөйүм жолдошум менен кошулганда кумар албайм. Көп ооруймун. Болоор болбоско нерв болуп, уруша берем”.

Жыныстык катнаш учурунда кумар ала албаган айымдырды фригиддүү дейбиз. Фригиддүүлүк— бул акыркы диагноз, “аялдын муздактыгы” деген маанини билдирет. Мындайча айтканда аял сексуалдык канааттануу, оргазм менен коштолушу керек болгон жыныстык катнашта денени сылап-сыйпоого таасир бербейт, эч нерсени сезбейт.

Фригиддүүлүк деген диагноз бир тарабынан туура эмес. Себеби фригиддүү аял болбойт. Бул эркектин аялды кумар ала тургандай кылып белгилүү деңгээлде дүүлүктүрө албагандыгынан кабар берет.

Ар бир аял жаш курагына карабастан эрогендик зоналардын дүүлүгүсүнөн улам гинекологиялык оргазм ала алат. Дал ушул эрогендик зоналар биздин кумар алуубузга мүмкүнчүлүк берет. Адамдарда бул зоналар генетикалык жактан түрдүү абалда жайгашат. Кызыгы кээ бирөөлөрдүн эрогендик зонасы алаканында болот. Аялдын сексуалдуулугуна жооп берген белгилүү аймактардын дүүлүгүсү ар дайым кумар алууга алып барышы керек.

Төшөктөгү муздактык тубаса эмес

Айымдардын муздактыгы тубаса эмес, кийин пайда болгон нерсе. Мындайча айтканда, фригиддүүлүк күткөн кумар алуу менен реалдуулуктагы кумар алуунун дал келбөөсү. Сиз каалаган кумарды өңөктөшүңүз бере албайт же бергиси, үйрөнгүсү келбейт. Бул абдан өкүнүчтүү.

Мага “төшөктө муздакмын, кумар ала албайм” деп көп айымдар кайрылат.

Айрымдарын гинекологго текшерүүгө жиберсем, жатындары бүктөлүү болуп чыгат. Мындай абалда кошулуу ыкмасын алмаштыруу керек болот.

“Жолдошума айтсам, таарынып калабы деп корком”

Көп учурда жыныстык катнаштан кумарга бата албаган айымдар өнөктөшүнүн көңүлүнө карап көйгөйдү жашырып коюшат. Бул туура эмес кадам. Жыйынтыгында сезимдерди суутуп, мамилени бузат.

“Үй-бүлө курганыбызга 8 жыл болду. Ортобузда 3 балабыз бар. Жолдошум менен жыныстык катнашка барганда дүүлүкпөйм, кумар албайм. Жыныстык катнашка барууга каалоом дагы жок. Мен фригиддүүмүнбү?”

Көп учурда аял кумар албаганын күйөсүнүн же өнөктөшүнүн көңүлү үчүн жашырып коет. Мунун аягы сүйүү сезиминин жок болушуна алып келет.

Фригиддүүлүктө эч качан оозду жаап койбош керек!

Эгерде сиздер бири-бириңиздерди сүйсөңүздөр, анда ортодо жашыра турган эч нерсе болбошу зарыл. Аял менен күйөө биринчи кезекте дос болот. Аял канткенде дүүлүгөт, кандай учурда кумар алат, эрогендик зоналарды кайда экенин айтып бериши керек. Эгерде эркек аялын барктабаса, аны өзүнө ыктабаса же аял ыктагысы келбесе анда мындай үй-бүлө дубалы бат урайт. Баары жубайлардын ортосунда интим туралуу ачык сүйлөшүүнүн жоктугунан улам болот.

Интернеттен маалымат алуунун кереги жок. Ал жакта ыплас нерселер абдан көп. Көйгөйдү адиске кайрылуу менен бир заматта чечип алса болот.

Өз алдынча арылууга мүмкүн эмес

Өз алдынча төшөктөгү муздактыктан арылса болбойт. Бул жерде кесипкөйдүн жардамы зарыл. Көйгөйү бар айымдар күйөөсү жок деле текшерүүгө келсе болот.

Көп аялдар “ бул тууралуу жолдошума айтсам, таарынды, ишенбей, мени күнөөлөдү” деп айтышат. Бул болсо өз кезегинде өнөктөштөрүнүн сексуалдык билиминин жоктугунан кабар берет.

40 жылдык практикамда фригиддүүлүк суроосу тынбай берилет. Атайын таблеткаларды ичип, өз алдынча дарыланып, дүүлүгүнү стимуляция кылуу зыян, тыюу салынат. Сексолог, сексапатоллог деген адистер бар. Маселе жаралдыбы, аны жашырып, бекитип, чыдап жүрө бербестен ошолорго кайрылгыла демекчимин.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Башымда без бар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.