Саламатсызбы. Суроомду чыгарып бериңизчи, сураныч. Суроом гинекологго: түнкүсүн заарамды кармай албай жатам. Эч жерим деле оорубайт, суюктук көп ичпейм. Уктап турсам эле төшөгүм суу болуп калган болот.
Учурда эки балам бар. Экинчисин төрөгөнүмө бир ай болду. Бирок бул көрүнүш турмушка чыккандан бери эле болуп жатат.
Кайын журт менен тургандыктан алардан, өзгөчө күйөөмөн аябай уялам. Үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнгөм, ал дарыларды жазып берген, молдого да барып дем салдырып жүрдүм. Эч нерсе жардам берген жок.
Эмне кылам, кеңеш бергилечи?







