AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрт балам бар

Төрт балам бар, бирок кыздыгым алына элек. Бир аялдын таң калычтуу окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

«Төрөп жатканда дарыгерлер кыз экенимди айтып таң калтырышкан»,-деп эскерет Нурайым (аты өзгөртүлдү).

Нурайым шаарда турат. Сүйлөшүп жүргөн жигитине күйөөгө тийген. Биринчи нике түндө кан чыккан эмес. 

«4 балам бар. Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 12 жылдан ашты. Жолдошум менен кыйынчылыктарды чогуу жеңдик, далай кызыктуу күндөр өттү.

Өкүнүчтүүсү, турмушубуз оңолгондо, күйөөм үй-бүлөбүзгө келген ырыс-дөөлөттү көтөрө албай, көөп кетти. Эмнесин жашырайын, акчасына ишенип, үстүмө башка бир аял алып келди.

Анан эмне болмок эле: ызы-чуу, кайын-журт, төркүн чогулду.

Ошондо кайын энем өткөндү эстеп, ата-энемдин, бир тууган байкемдин алдында, “эмне, силердин кызыңар ак бекен, билип койсоңор, биздин үйгө кыз эмес болуп келген”,-деди.

Кайын энемдин сөзүнө териккен жокмун. Себеби, күйөөмдөн башка эч ким менен болгон эмесмин, кудай алдында ак экенимди билем.

Жүрөгүмдү оорутканы – күйөөмдүн мамилеси: билип турса да унчукпады, коргободу.

Андан көңүлүм калды. Расмий түрдө ажыраша элекпиз. Тигинисине барып-келип турат. Үйдө эки бөлөк адамбыз. Балдар ата-энесиз өспөсүн деп эле чыдап жүрөм. Сабырым түгөнүп баратат…

Ии, баса, жыныс мүчөм сезгенип, жакында операция болдум. Ошондо, хирург, “дале кыз экенсиң”,-деди. Аябай таң калдым. Бул бир жомок сымал, ишенген жокмун.»

Адистер эмне дейт

Гинеколог Светлана Коздровичтин айтымында бул өтө сейрек кездешчү, бирок болушу мүмкүн болгон учурлардын бири.

«Ар бир айымдын кыздык белгиси — чоюлчаактыгына, кындын киришин жапкан даражасына жана тыгыздыгына жараша бири-биринен айырмаланып турат. Бүгүнкү күндө, кыздардын көбүнүкү биринчи жыныстык катнашта катуу чоюлуп, айрылбай, кан чыкпай, чыкса да, айрым жерлери гана жаракат алып, кичине эле кан агышы мүмкүн. Бирок, эреже катары, жыныстык катнаш учурунда болбосо,  анда ал төрөт маалында айрылат. Сиздики өтө сейрек кездешчү, бирок болушу мүмкүн болгон учур. Бул, тутумдаштыргыч ткандын дисплазиясы менен байланышкан болушу мүмкүн, кээде тукум кууйт, бирок дайыма эмес, балким, жеке өзгөчөлүк.»

Тамара Воронцова, психолог

Эгер тубаса кыз эмес болсоңуз, турмушка чыгар алдында дарыгерге барып, текшерилип, тыянак жаздырып алуу керек эле. Тилекке каршы, биздин өлкөдө, дарыгерге да ишенбей, сатып алдың деп айтышы мүмкүн. Менталитетибиз ушундай, ар бир кызда кыздык белги болушун талап кылат, тубаса себептер кабыл алынбайт. Бирок бул факт бир да аялды бактылуу кыла алган жок: күйөөлөр баягыдай эле сайраңдап жүрөт, ичет, сабайт, а бул тарабын эч ким эске албайт. 

Кыздык — бактылуу жашоонун кепилдиги эмес!

Кийинки маселеге токтолсок, күйөөңүз экинчи аял алып келди, бул аракети сизге  жаккан жок, бирок чыдап жүрөсүз, анткени 4 бала бар. Дароо «мен же ал» деп талап койбогондон кийин, келечекте бир нерсе өзгөрөт деп айтуу кыйын. 

Бара турган жериңиз же акчаңыз жоктугу анык, балким бул жылдар аралыгында иштебей, үйдө олтургансыз. Өзүңүзгө ишенбегениңиз, күйөөңүзгө болгон көз карандыгыңыз — турмушуңузду өзгөртүүгө жол бербей жатат, балким, өзүңүз анчейин деле каалаган жоксуз, ачууланып, кайгырып эле жүрөсүз. Эмне кылуу керек?

Өзүңүзгө убакыт бөлүңүз — жумушка орношуңуз, театр, концертке барыңыз, курбуларыңыз менен жолугушуңуз, сүйүктүү хоббиңиз менен алектениңиз. Анан көрөсүз, сөзсүз бир нерсе өзгөрөт.

Жашооңузду толугу менен бирөөгө арноонун кереги жок —  адатта, курмандыктар бактысыз болот, аларды эч ким сыйлабайт, баалабайт. Балдар чоңоюп, өз жолун таап кетет, андан кийин жашоо кандай болот? Албетте, небере бакса болот дечи — бирок бүт нерсе кайра кайталанат. Сизди эмне бактылуу кыла алат? Ошону тапканга аракет кылыңыз!

Ар бир аял күн сайын бактылуу болууга тийиш жана өзү каалагандай жашоого укугу бар! 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Конфуций: Артыңан сөз кылышса

Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратасың

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.