AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөттөн кийин калыпка келүү: чоюлган курсакты киргизебиз

Төрөттөн кийин калыпка келүү: чоюлган курсакты киргизебиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

9 айлык кош бойлуулук артта калды. Эми балага гана кам көрбөстөн, өзүңүздүн ден-соолугуңуз менен алектенүүгө убакыт келди. Aлдыда бир топ жумуш бар.  Эмнеден баштоо керек деп турсаңыз, бүгүн биз төрөттөн кийин ичти калыпка келтирүү ыкмаларын карап чыгабыз.

Төрөгөндөн кийин ичти кантип киргизсе болоорун ойлоп жатып, аялдардын дене түзүлүшүнө  жакшылап көңүл бурушубуз керек.  9 ай бою бардык күч-аракеттерин түйүлдүктү коргоого жумшап, жаңы ыкмага көнгөн организмиңиз, бат эле артка кайрыла албайт. Буга өтө көп убакыт, сабырдуулук жана мээнет керек.

Дене-тарбия менен достошуңуз

Өзгөчө төрөттөн кийин курсактын булчуңдары жана териси көрүнүктүү өзгөрүүлөргө ээ болот. Салаңдап сыртка чыгып, келбетти бузат. Себеби 5 см болгон жатын, 40 смге чейин чоңоет. Төрөттөн кийин булчуңдар бошоп, салбырап калат. Баштапкы калыбына келтирүүгө убакыт жана күч керек  болот.

Төрөттөн  2-3 жума өткөндөн кийин гана машыгууларга өтсө болот. Төмөнкү көнүгүүлөр сизге жардамга келет:

№1. Жамбашты көтөрүү.

Чалкаңыздан жатып, тизеңизди бүгүңүз. Ичтин булчуңдарын чыйралтып, жамбашты көтөрүңүз. Бул абалда 10 секунд туруп, кайра ылдый түшүрүңүз. 10 жолу кайталаңыз.

№2. Полдо чыйралуу.

Чалкаңыздан жатып, тизеңизди бүгүп, колдоруңузду көкүрөгүңүзгө кайчылаштырыңыз. Дем чыгарганда, курсактын булчуңдарын гана колдонуңуз, денеңиздин үстүңкү бөлүгүн тизеңизге алып келиңиз. Кайра баштапкы абалга кайтыңыз.  2 ирет, 20 жолудан кайталаңыз.

№3. Чалкалап түз арканы көтөрүү.

Чалкалаңыз, колду көкүрөккө кайчылаштырыңыз, буттарыңызды туруктуу жерге  (эмерекке) такаңыз. Чалкалаган абалда,  артыңызды полдон өйдө көтөрүп баштаңыз.  Чыйралганда дем чыгарып, кайра баштапкы абалга кайтып келиңиз. 3 ирет, 10 жолу кайталаңыз.

№4. Тулку-бойду статикалык кармоо.

Полго көмкөрөңүздөн жатып, чыканактарыңыз менен таянып, көкүрөктү жана курсакты көтөрүңүз. Жамбашыңызды өйдө-ылдый кылбай, бир калыпта кармап, кыймылдабастан 30 секунд туруңуз. Көнүгүүнү 3 ирет кайталаңыз.

№5. Дубалда отуруп-туруу.

Дубалга келип, аркаңыз менен бекем жөлөнүңүз. Буттарыңызды, ийиндериңиздин кеңдигине тууралап, алдыга бир кадамдаңыз. Дубалдан жылмышып, ылдый түшө баштаңыз. Сандарыңызга дал келгенде, колдоруңуздун жардамысыз, өйдө көтөрүлүңүз.  2 ирет, 15 жолу кайталаңыз.

Төрөттөн  кийин аял үйүнө келип алып оор жүк көтөрүп, иш кылып жүрө берсе жатыны ылдый түшүп кетет. Натыйжада зараасын, желин кармай албай калат. Бул деген-майыптык! Андыктан аялдын организми толук калыбына келгенге чейин (1 жыл) кол кабыш кылуу керек.

Курсак пластикасы

Айрым учурларда  төрөттөн кийин салмак азайса дагы, курсак эч эле кирбей, кээ бир апаларды нааразы кылат. Мындай кырдаалда, пластикалык хирургдарга кайрылсаңыз болот. Алар төрөттөн кийинки кемчиликтерден арылтууга жардам беришет. Болгону пластикалык операцияларды төрөттөн  3-6 ай өткөндөн кийин, эгерде бала эмизип жатсаңыз, эмчектен чыгаргандан соң жасатуу сунушталат.

Медицианлык жол менен курсакты тартуу “абдоминопластика” деп аталат. Орточо баасы 10 000 сомдон башталат.

Негизги көрсөткүчү болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Ашыкча тери- киндиктин үстүндө катмар-катмар болуп салбырап калуусу.
  • Курсактын алдыңкы катмарында жана капталдарда май катмарлары топтолуп калса.
  • Чоюлуулар жана башка.

Операция наркоз алдында өтүп, 2-4 саатка созулат. Акыркы жыйынтыгын бир жылдан кийин күтсөңүз болот. Айрым апалар абдоминопластикадан кийин төрөгөнгө болбойт деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Болгону кийинки кош бойлуулукта жана төрөттөн кийин тери кайрадан  ийкемдүүлүгүн жоготуп, чоюлуп калат. Ошондуктан кайрадан операция жасатууга туура келет.

Жүрөк жана өпкө жетишсиздиги, кант диабети, ашыкча салматуулук жана бир жыл ичинде кош бойлуу болуу пландаштырылган болсо абдоминопластика сунушталбайт.

Кошумча ыкмалар

  • Белдемчи (бандаж)— төрөлгөндөн кийин ичти киргизүүгө төрөттөн кийинки белдемчи жакшы жардамчы боло алат. Омурткаларды ашыкча жүктөн, белди оорусунан арылтат. Кесарева болсоңуз, тигилиштерди бекемдеп, кармап турат. Бирок, тери, бөйрөк жана ичеги-карын оорулары  менен жабыркагандарга сунушталбайт.
  • Курсакты байлоо— чоң апаларыбыздын ыкмасы. Бүгүнкү күндө көп деле колдонулбайт. Айрым аялдар кездеме, жоолук же шейшеп менен байлап коюшат. Бирок, бул ыкма кан тамырларыңыз менен нервдериңизди кысып коюшу мүмкүн.

Төрөгөнгө чейин ичегилер жатынга басылып турат. Төрөттөн кийин бошоп, ич ката баштайт. Эгерде ичти катуу таңып жүрсөңүз, ич катуу көйгөйүнөн арыласыз.

  • Эмчек эмизүү-курсакты киргизүүнүн табигый жана жагымдуу ыкмасы. Тажрыйба көрсөткөндөй, күнүнө баланы эмизгенде, орточо эсеп менен апалар  500 каллория сарпташат. Ошону менен катар эмчек эмизүү  жатындын жыйрылуусуна себеп болгон «окситоцин» гормонун иштеп чыгат.
  • Ороо-мисалы, бал, кофе, көк чопо, атайын дарыканадагы кремдер менен 40-60 мүнөткө ичти салафан менен ороп, анан душка түшүү керек. Жыйынтыгында терини кошумча скраб менен сүртүп, жумшартуучу кремди сүртүп коёсуз.

Кымбаттуу айымдар! Жалкоолонбой убагында биздин дарыгерлердин  сунуштарын колдонсоңуз, төрөттөн кийин бат эле калыбыңызга келип, өзүңүздү жана  жакындарыңызды кубанта аласыз.  Кийинки материалда төрөттөн кийин төштү калыпка келтирүү ыкмаларын карап чыгабыз. Көрүшкөнчө!

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Товарды импорттоо боюнча

Товарды импорттоо боюнча

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.