AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөт учурундагы дем алуу техникасы. Кандай пайдасы бар?

Төрөт учурундагы дем алуу техникасы. Кандай пайдасы бар?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кош бойлуу аял ай-күнү жакындаган сайын процесстин өзү кандай өтөт деп кабатырланат. Төрөт учурундагы дем алуу техникасы баланын жеңилирээк төрөлүшүнө жардам берет. Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге “Ата-энелер мектебинин” инструктору Мээрим Эркебаева айтып берди. 

Туура дем алуу аялдын денесин, булчуңдарын бош кармаганга жардам берип, жатын моюнчасынын ачылышын тездетет. Андан тышкары, организмди жана түйүлдүктү кислород менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого шарт түзөт.

Төрөт учурунда:

  • жыйрылганга болбойт;
  • кыйкырганга болбойт;
  • тырышканга болбойт.

Албетте, айтып коюу оңой. Төрөт учурунда аялдын организмине укмуштуудай күч келет. Мындайда кыйкырбай, тырышбай, онтобой коюуга мүмкүн эместей. Бирок кыйкырганда сиз көп энергияңызды жана күчүңүздү коротуп саласыз. Кийин ыйынганга алыңыз жетпей калат. Канчалык тырышып жыйрылсаңыз, жатындын ачылышы жайлап, төрөө процесси узара берет. Сиз кандай кыйналып жатсаңыз, бала да ошончолук кыйналат. Төрөттүн узакка созулуп кетиши түйүлдүктүн гипоксиясына алып келиши мүмкүн, башкача айтканда кислород жетишсиз болуп, дем ала албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча, өзүңүз жана бала үчүн төрөт процессин жеңилдетүүгө аракеттениңиз.

Төрөт үч этапка бөлүнөт:

  1. Ай толгоо башталып, акырындык менен күчөп, ортосундагы аралык азайып, улам кийинки толгоо катуураак келип чын толгоого өтөт. Бул учурда мурун менен терең дем алып, кайра ооз аркылуу демди чыгаруу керек. Мурун, ооз кургап кетсе, улам суу менен чайкап тургула.

Баланын ылдыйлаганы сизге сезилет. Толгоонун аралыктары кыскарат. Бул учурда терең дем ала албай каласыз. Бат-баттан, үстүртөдөн дем алуу керек. Мындай дем алууну “итче” деп да аташат.  

  1. Төрөттүн өзү башталганда доктурдун айткандарын угуп, анын командаларын так аткарганга аракет кылгыла. Ыйынганда демди оозуңузга эмес көкүрөккө толтуруп, ээкти төшкө такап алып, демди ылдый, ичтен жамбашты көздөй түртүү керек. Ыйынып жатканда кыйкырган жана демди кескин токтоткон болбойт. Бетиңер, башыңар менен ыйынбагыла. Себеби беттеги, көздүн ичиндеги майда кан тамырлар жарылып, көздүн көрүүсү начарлап калышы мүмкүн.
  2. Бала төрөлгөндөн кийин акыркы этап бар – бул тондун түшүшү. Анда да кадимкидей толгоо тартып, дагы бир ирет төрөгөндөй болосуңар.

Төрөт — бул сиздин жашооңуздагы олуттуу этаптардын бири, анын соңунда наристеңизди колуңузга аласыз. Бардыгы жайында болушу үчүн кош бойлуу мезгилден тартып дарыгердин көрсөтмөлөрүн жана кеңештерин так аткарып, төрөт учурунда дем алуу техникасын колдонуңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Банктан эсеп ачпастан кантип акча которсо болот? Адис айтып берет

Банктан эсеп ачпастан кантип акча которсо болот? Адис айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.