AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөбөгөн аялдын кереги эмне

Төрөбөгөн аялдын кереги эмне, деп кайын энем жолдошумдун мээсин жейт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандардын суроллоруна тиешелүү эксперттерден жооп алып берет. Анонимдүүлүккө кепилдик беребиз.

Мен төрөй элекмин

Саламатсызбы. Силерден кеңеш сурайын дедим эле. Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга эки жыл болду. Ошол эки жылдын ичинде эмне гана болгон жок.

Мен төрөй элекмин. Доктурга барып көрүнсөм менде бардыгы жайында экен, анализдерим таза чыкты. Доктур күйөөң да көрүнсүн дейт. Ага келип айтсам, “менде бары сонун, сен төрөгүң келбей ар кайсы шылтоолорду таап жатасың”, — дейт. Мага көп жолу кол көтөргөн. Ойлонуп көрсөм, күйөөмөн балалуу болгум деле келбейт. “Бир нерсе алып берчи, жегим келип жатат”, — деп сурансам, “мен депутаттын баласы эмесмин, акчам жок”, дей берет.

Апам топурагыңды түйүп берем дейт

Кайын энем болсо, “төрөбөгөн аялдын сага кереги эмне”, — деп баласынын мээсин жейт. Мен азыр 18 жаштамын. Мени деле аяп койсо болмок.

Ал эми апама “көңүлүм жок, кетким келип жатат”, — десем, “жашагын, өлүгүң ошол жактан чыксын, болбосо, топурагыңды түйүп берем”, — деп айтат.

Мени түшүнгөн бир досум бар

Мурда чогу окуган классташ балам бар. Россияда көп жылдан бери иштеп жүрөт. Телефон аркылуу дос катары сүйлөшүп турабыз. Бир жолу телефонумдун бузулуп калганын угуп, жаңы телефон сатып ал, деп акча салып жиберген. Бирдигим түгөнүп калса да акча салып турат. “Сени сабаган, баркыңды билбеген адам менен эмне үчүн жашап жүрөсүң? Бишкекке барып иште, оку. Мен сага жардам берем”, — деп айтат.

Чынын айтсам, качып кетким келе берет. Жашоодон тажадым. Менин эч кимге керегим жок.

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти

Саламатсызбы урматтуу окурман. Мен сени түшүнүп турам жана сага аябай боорум ооруп жатат. Сенин жазгандарыңа караганда турмушка 16да, жашың жете электе чыккан окшойсуң. Сен ал кезде али кичинекей кыз элең. Албетте, сен үй-бүлө кандай болот, сүйүү эмне экенин биле элек кезиң болчу. Жолдошуң менен бирге жашап жүрүп деле сүйүүнүн даамын татып, үй-бүлөлүк жашоонун жыргалын көргөн жоксуң. Ошондон улам балалуу да болгуң  келбейт.

Эки жылда абдан кыйналдың. Аргасыз жетилдиң, башкалардын ачуусуна кабылып, ур-токмок жеп, адилетсиздикке туш болдуң. Мында сенин күнөөң жок.

Тилекке каршы мен сага кеңеш бере албайм. Көпчүлүк, чыдап, кандай болбосун үй-бүлө куруп, жашап келишет.

Кетем, деп чечим кабыл ала турган болсоң, өзүңө гана ишенишиң керек. Өз алдынча жашап кете алам. Окуйм, иштейм, өзүмдү-өзүм камсыздайм. Бардык кыйынчылыкты көтөрөм. Мени сүйгөн, сыйлаган, мен да аны сүйгөн жарга туш болуп, бактылуу үй-бүлө курам. Колуман келет, деп көзүң жетсе. Анда башка кеп. Бул чечимди, Россиядагы досуңдун колдоосун күтпөй туруп деле ишке ашыра алам десең, анда кетүүгө толук акың бар. Бирок, көп иштеп, өз алдынчалыкка үйрөнүү керек. Ошого даяр болуу керек.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Поручитель" болуудан мурун буларды билип алыңыз

"Поручитель" болуудан мурун буларды билип алыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.