Саламатсызбы! Жашым 21де. Ушул жылы турмушка чыгайын деп жатам. Сүйлөшкөн жигитим эң кичүүсү, тоодон болот. Үч эжем бар. Үчөө тең бөлүнө турган жигиттерге турмушка чыгышып, азыр өз алдынча жашашат. Жигитимдин атасы жок, апасы менен эле тоодо жашайт. Эжемдер «тоодо жашоо кыйын, мал карайсың» деп жатышат. Мен жигитимди жакшы көрөм, ал дагы мени. Быйыл той кылып үйлөнөлү деп жатканбыз. Эми кимисин угууну билбей калдым. Тоодо жашоо ушунчалык кыйынбы? Өзүм эрке кызмын, Бишкекте окугам. Эжемдер «сен ал жакта жашай албайсың, тың кыздар керек, колуңан эмне келмек эле» дейт. Апам болсо өзүң тандаган адамыңа тиесиң дейт. Эмне кылууну билбей калдым.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







