AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Таятам менен таенемдин акыркы вальсы. Абышка-кемпирдин сүйүү баяны

Таятам менен таенемдин акыркы вальсы. Абышка-кемпирдин сүйүү баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Сары Машка келди, Калимбү чык”, таятам мени ар дайым ушинтип тосуп алаар эле.

Кичинемде сапсары кыз болчум. Апам какыс-кукус кылып койсо, таенемдердикине кетип калчумун. Алар бизден бир көчө кийин турат. Апам кечирим сурап келмейинче, айлап жүрө берчүмүн.

Таенемдин кирин жуучу

Таятам менен таенемдин урушканын деги көргөн жокмун. Эсимде, бир күнү таенем катуу ооруп калды. Үйүнө барсам, таятам таенемдин башын жууп берип жатыптыр. Андан кийин тердеген кийимдерин чечип, жаңысын кийгизип, тигилерин эшикке алып чыгып жууп, жайып койду.

Апам ооруп калса атам ачууланат, “тамакты ким жасайт, таза байпак калбай калыптыр, дарыгер качан айыгысың деди”, — деп наалыйт. Байкуш апам айла жок ордунан турат. Эки башка дүйнө…

Ойготуп албайын деп бутунун учу менен басчу

Таятам жолдон бышкан алчаны көрсө, “Калимбү жакшы көрөт”,-деп жүз аарчысына терип алат. Дүкөнгө кирип калсак, таенемдин сүйүктүү момпосуюн издейт. Таппаса кейип, сатуучу кыздан качан келээрин сурайт. Базардан кездеме көрсө, “таенең экөөңө сонун көйнөк болот”,-деп сатып алат. Суук түшкөндө, эски кийизди кыркып, таенемдин буту үшүп калбасын деп батек жасап, галошуна салып берет.

Таенем таятамды ар дайым чыкыйтып кийинтип койчу: жакасы таптаза, иштебесе да галстук тагынып жүрчү, жанына отурсаң жагымдуу жыттанат. Таятам газета окуп отуруп уктап кетсе, ойготуп албайын деп бутунун учу менен басчу.

Качан үйүнө барбайын күлүп ар нерсени сүйлөшүп отурушкан…

Кийин апамдын бакма экенин билдим. Көрсө таятам менен таенем балалуу болушпаптыр. Таенемдин бир тууган эжеси каза болуп калганда, кызын (4 жаштагы апамды) багып алышкан экен.

Калимбү сага болгон сүйүүм түбөлүк…

Таенем рак илдетине чалдыгып калды. Каралашып жанында жүрдүм. Түндө музыканын үнүнөн ойгондум. Акырын барып карасам, таятам менен таенем вальс бийлеп жатыптыр.

Бир жумадан кийин таенем каза болду. Таятам “мен сенсиз кантип жашайм”,- деп үч күн басылбай ыйлады. Төртүнчү күнү жүрөгү кармап, таенемдин аркасынын кете берди. 

Апам экөөбүз үйүн жыйнап жатып, таятамдын кичинекей шкатулкасын таап алдык. Ачсам, ичинде таенем экөөнүн мотоциклге отуруп түшкөн сүрөтү бар экен. Артында таятамдын кол жазмасы: “Калимбү сага болгон сүйүүм түбөлүк…”

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жигит жактырган кызына айткан 10 фраза

Жигит жактырган кызына айткан 10 фраза

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.