
Бир жарым жылдан бери аябай кыйналып кеттим. Балким өзүм күнөөлүмүн же тагдырдын жазмышы. Мындан туура бир жыл мурун уулду болуп, аны өзүм теңдүү 21 жаштагы кызга берип койгом. Анткени аны никесиз төрөгөм. Жигитим башка кызга үйлөнүп алган. Айласыздан үй-бүлөмдөн жашырып, баласыз үй-бүлөгө бергүүгө мажбур болдум. Бирок мен баламды аябай катуу жакшы көрөм. Төрөгөндө палатада 3 күн бирге болдум. Эч элесимден, көз алдымдан кетпейт. Жытын эңсейм, кусага батып кыйналып кеттим. Баламды берип жатканда мага көрсөтүп турууга сөз берген. Азыр сүрөттөрүн гана жиберип турат. Бирок такыр балама жолотпой койду. Мен эми эмне кылам? Балам чоңойгондо мени кечириши үчүн эмне кылышым керек? Келечегим кандай болот? Кийин турмушка чыгып калсам, балам жөнүндө айтышым керекпи?







