Саламатсызбы. Мен алты бир тууганмын, жашым 22де. Менин көйгөйүм атам. Апам экөөнүн жашаганына 30 жылдан ашты. Эс тарткандан ушу күнгө чейин уруш-талаш аралаш чоңойдук. Куда тосушту, неберелүү болушту. Анысына деле карабай отурган, бет келген жерден бири-бири менен кармашмай, каргашмай.
Бир туугандар да ынтымактуу эмеспиз. Бири-бирибизди көргүбүз жок. Балким, татыктуу тарбия албай калганыбыз үчүн ушундайбызбы, билбейм.
Байкуш апам, ооруканада, башым деп эле жыгылды. Оорусу нервтен экен.
Азыркы тапта атам менен үйдөмүн. Таң атпай туруп уйун саайм, кошом, үйүн жыйнайм, тамак жасайм, нан салам, жармасын өксүтпөйм. Же көчөгө тентибейм. Бирок баары бир жакпайм.
Жумуштагылар менен же досторум менен телефондон сүйлөшүп калсам эле каргап-шилеп кирет, оокат кылбайсың деп. “Эзели жакшылык көрбө!”, “Барган жериңен бак айтпасын!”, “Энеңди …” деген оозго алгыс сөздөр менен сөгөт. Өзү бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткиче айлап ичет.
Апама канча айттым: ажыраш, ажыраш — деп, укпай койду. Бизди да кыйнап, өзүн да кыйнап. “Силер чоңойсоңор оңолот” дедим дейт. Оңолмок турмак күчөдү.
Ишенесиңерби? Мен турмушка чыккым келбейт. Балким жаштыгыма салып жатам. Келечегим катуу ойлондурат. Мындан ары эмне кылышты билбей турам?







