
Мага бирөө тамашалап сүйлөсө чын кабыл алып, жаман жактарын ойлоном. Таарынып, буулугуп ал адамды коркутуп дагы койчу адат пайда болду. Өзүм болсо адамдар менен ачык, тамашалашып сүйлөшө албайм. Досторумдун айтымы боюнча тамашага катуу жооп берет экенмин. Ачык сүйлөгөн, тамашакөй кыз болгум келет. Канткенде бул жаман адаттан арыла алам?






