Медицина илимдеринин доктору, профессор, “Medcenter.kg” борборунун жетекчиси, КРдин саламаттыкты сактоо отличниги, алып баруучу, тамада, актер, айтор, көп кырдуу талант ээси Турат Касымбеков ийгилик сырлары менен бөлүштү.
- Ийгиликтүү адам болгуң келсе жумуш менен хоббини туура айкалыштыр, экөөнү чаташтырба!
- Жасап жаткан жумушуңду сүй. Ага «акча табышым керек» деген түшүнүк менен эмес, кубаныч менен мамиле кыл.
- Жумуш убактысынан кийин сүйүктүү хобби менен алектенүү ийгиликти багынтууга күч-кубат берет. Хобби, бирөөгө жаккан эмес, жеке өзүңө эргүү, ыракат тартуулаган нерсе болсун.
- Жан дүйнөң менен берилип, жүрөгүң менен сүйгөн жумушта гана өсүп, карьера кура аласың.

- Сени артка тарткан биринчи душманың — ичиңде олтурган «колумдан келбейт» деген күмөн саноолоруң.
- Айланаңды позитивдүү ой жүгүрткөн адамдар менен курча. Сага ишенбеген достордон алыс бол.
- Бай болууга эмес, кайсы бир тармактын мыктысы болууга умтул.
- Акча биринчи орунда эмес. Акча келет, эгер сенде билим, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон шыктануу, ден соолук болсо.

- Ийгиликке каалаган мамлекетте жетсе болот. Бардык жерде бирдей эле принцип – талыкпай эмгектенүү.
- Адам менен тил табышканды, аларга туура мамиле кылганды үйрөн. Ийгиликти жалгыз багынтуу мүмкүн эмес.
- Канчалык бийик учпа, эч качан коллективден бөлүнбө!
- Таланттуу болуудан коркпо!







